// //

Аталардын кыздарына жазган каты баарын ыйлатты

2023.03.08, 13:42
3974

Салам, достор! 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата, ата окурмандарыбыздын кыздарына жазган каттары менен бөлүшөбүз. Эгерде сизде дагы кызыңызга айтчу сөз болсо, комментарийге жазыңыз.

Сен үчүн сөгүнбөй калдым

Күчүгүм, менин! Атаң сени жакшы көрөт. Сага тийишкен балдарды жаман көрөт. Көйнөк кийип алсаң, ушундай кызганам. Апаңды анча кызганбайм. Сен мени назик кылдың. Сени мени сөгүнбөй таза сүйлөгөнгө үйрөттүң. Кызым, менин. Атаң ар дайым артыңда турат. Алдыга чурка кызым. Жыгылсаң чаңыңды күүп, тизеңди үйлөп берчи атаң бар. 

Баатырдан кызы Жанелге

Батыраак келчи кызым

Сыртка чыктым. Кайра үйгө кирдим. Тамак иче албай койдум. Шаардан чыкты дегенден бери сени күтүп жатам кызым. Менин кичинекей кызым. Бөйрөгүң ооруп шаарга кеттиң. Кечир, атаң акча табам деп сени менен бара албай калды. Кызым, өзүмдү канчалык күнөөлөдүм дейсиң. "Сиз мени менен барбайсызбы?" дедиң. Ыйлагым келди кызым. Чекеңден өпкүм келет. Батыраак келчи кызым. Атаң сени сагынды.

Нурбектен кызы Жамалга

Сага татыктуу эч нерсе жок

Менин "принцессам". "Ата" десең могу жүрөк эзилет. Колумдагы жаратты көрүп үйлөсөң жүрөгүм бир токтоп кайра согот. Бул жылы биринчи жолу 8-мартты майрамдап жатасың. Атаң сага эмне беришти билбей убара. Сага татыктуу эч нерсе жоктой. Атаң сени жакшы көрөт.

Жоодардан кызы Айлинге

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт