// //

Эки жолу ажырашып, азыр жалгызмын. Каргышка калдымбы?

2023.02.27, 13:28
1669

Саламатсызбы! Көптөн бери сиздерди окуйм. Анан бир чечимге келип кеңеш сурайын дедим. 18 жашымда ала качып кеткен. Ал жолдошум менен беш жыл жашап кыздуу болгондо ажыраштык. Ал кумар ойночу. Москвага барып иштеп үй алдым, окуумду бүтүрдүм. Келгенден үйдөгүлөрдүн сөзүн эки кылбай бир имамга турмушка чыктым.  Молдо жолдошум мага чейинки аялы менен балалуу боло албай ажырашыптыр. Экөөбүз дагы балалуу болгон жокпуз. Биринчи күйөөң дей бергенинен андан качып кеттим.

Иштеп жүргөндө кызымдын атасы ажырашканымды угуп кайра келиптир. Ары ойлонуп, бери ойлонуп макулдугумду берип чогу жашадык. Кайра келишпестиктен улам ажыраштык. Азыр кызым менен жашап жатам. Эми эмне кылаарымды билбейм. Каргышка калдымбы, эмнеге мен бактысызмын, эмнеге деп өзүмдү күнөөлөйм. Кызым кетсе мен кантем? Жалгыздыктан корком. Азыр жашым 33тө. Турмушка чыксам бактылуу болот элем.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.02.2023, 13:31

Айдана Мадишова 

Психолог 

Саламатсызбы!
Үй-бүлө куруу үчүн биринчи кезекте физиологиялык жана психологиялык жактан жетилүү керек. Ал эми сиз биринчи турмушуңузда да, экинчисинде да өз каалооңуз, даярдыгыңыз жок эле турмуш куруп кетиптирсиз. Мындай турмуш кээде гана ийгиликтүү болбосо көпчүлүк учурда тескерисинче аяктайт. Ошондуктан азыркы учурда өзүңүздүн устүңүздөн иштеп, психологиялык жактан жетилүүгө аракет кылыңыз. Ал деген сөз, адамдын жалгыз да бактылуу боло билүүсү, эмоционалдык жактан башкалардан көз карандысыз болуусу, өз алдынча чечим чыгара билүү, өзүн сүйүү, башкалардын капа кылуусуна жол бербөө. Ушул этаптарды басып өтсөңүз үй-бүлө куруу да, бактылуу болуу да жеңил болот.
Сизге ийгилик каалаймын! 🌸

Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт