// //

"15 жыл күйөөмдүн байпагын жуудум" деп айтамбы деп ыйладым

2023.02.21, 13:39
14540

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Баары баламдын мектептен берген тапшырмасынан башталды. Мугалими ата-энеңер ким болгон сурагыла дептир. Жок, ким болгон эмес. Эмне менен алектенет дегени экен. Бул суроо мени өзгөрттү.

Таң эрте турам. Кирлерди алып чыгып жаям. Кайра чай коем. Жуунганга жылуу суу ысытам. Тамак ысытам. Балдарды окуусуна даярдап, жука халатымды кийип алып маршурткага чейин узатып келем. Бул арада күйөөмөн сөгүш угам. Мени көрсө эле ызырана берет. Ага тамак берем. Унчукпай жеп алып, жумушуна кетет. Кайра кир жууйм. Күйөөмдүн байпактары толуп кетти. Базарга түшүп, картошка менен макарон алып келем. Арткан тыйынга балдарга чупа-чупс менен сагыз алам. Кайра келатып дүкөнгө карызга түшөм, май калбай калыптыр. Тамак жасайм. Туз калбай калыптыр, кайра дүкөнгө карызга жөнөйм. Тигине күйөөм мас болуп келатат. Тапканын дагы ичип алыптыр. Дагы кол көтөрдү. Тажадым.

- Апа.

- Атам менен канча жыл жашадыңыз.

- Эмне кыласың?

- Мугалим эже тапшырма берген. 

- 15.

- 15 жыл кандай өттү?

- Байпак жуудум. 

Ыйлап жибердим. Билбейм кайдан, тилимден ушул сөз чыгып кетти. Уулум таңкалып калды. Кызым чоңоюп келатат. Ага да ушинтип айтамбы? Жоопкерчиликти өз колума алганга убакыт келди.

Бирөө мени куткарат деп жашап келгем. Күйөөм ичпей калат, кол көтөрбөй калат деп жашап келгем. Курмандык болуп жашап келгем. Балдарга ата керек деп жашап келгем. Балдарынын бетинен өөп койгонго жарабаган атанын кереги барбы? Мага жылуу сөз айтып койгонго жарабаган күйөөнүн кереги барбы? Дүкөндөгү карызды төлөп койбогон күйөөнүн кереги барбы?

- Апа, каерге келдик?

- Эми ушул жерде жашайбыз?

- Сенде акча жок да?

- Апаңда эми күч бар. Акчаны заматта таап коем. Карачы, күчтүү бекем.

Уулум менен кызымды кытылап кирдим. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт