// //

Байкемдин кайын энесиндеги баласын алсак болобу?

2023.02.06, 11:02
4954

Саламатсызбы! Менин байкем менен жеңем ажырышып кеткен. Ортолорунда бир бала бар, апасы менен кеткен, нике күбөлүгү жок эле 12 жылдан кийин алимент төлөтүп жатат. Апасы башка күйөөгө тийип 3 баласы бар, биздин бала таенесинде калган экен. Ошол баланы кантип алсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.02.2023, 11:05

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!

“Баланы өзүбүзгө алсак” дегенде конкреттүү айтканда, кандай кылып алгыңар келип жатат:

1. Биротоло сиздер менен жашасын дейсиздерби?

2. Маал-маалы менен көрүшүп, катташып тургубуз келет дейсизби?

Бул жерде мындай кылса болот:

1.Баланын таене-таятасы менен, ошондой эле өзү менен сүйлөшүп чечкенге аракет кылуу керек.

Бала ата-тегин билсин, журтун билсин дегендей.

2. Таяне-таятасы менен сүйлөшүп, оң жыйынтыкка келе албаган болсоңуздар сотко кайрыласыз. “Баланын жашаган жерин аныктоо” же “Бала менен көрүшүү графигин аныктоо” деген доо арыз менен. Сот эки тараптын шартын карап чечим чыгарып берет.

Ушул жерден баса белгилеп кетүүчү жагдай: маселе сотко чейин жете турган болсо 10 жаштан ашкан бала сотто өзү катышып, анын оюу сөзсүз эсепке алынат.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janyl баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт