// //

Күйөөм "жалгыз келгенсиң, жалгыз кетесиң" деп айтат. Эмне кылсам болот?

2023.02.02, 18:09
8631

Саламатсызбы! 2018-жылдын март айында баш кошконбуз. Учурда 4 балабыз бар. Жолдошум мени такыр эле жактырбагандай мамиле кылат. Ажырашып эле кетсем окшойт десем, мени коркутат, балдарды алып коерун айтат. Өзүмдүн жогорку билимим жок. Балдарды менден алып коебу? Мүлк маселесине келсек, үй кайын энемдин атында, машинасы бар, аны да өзүнүн атына каттаткан эмес. Малдары бар, уй, кой дегендей. Анын баарын мен карайм. "Кетсең 1 сом да албайсың, жалгыз келгенсиң, жалгыз кетесиң" деп айтат. Кандай кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.02.2023, 18:11

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!

Биринчиден:

Жолдошуңуздун сизди жактырбагандай мамиле кылганы, ажырашсамбы, жокпу деген маселе боюнча жеке өзүңүз гана чечим кабыл аласыз. Бул жерде юридикалык тараптан да, психологиялык маселе жатат.

Экинчиден:

“Балдарды менден алып коебу? деген сурооңуз боюнча.
Ата-эненин ортосунда балдар талаш болгондо, бул маселе сот аркылуу чечилет.
Балдар менде калсын деген тарап сотко доо арыз менен кайрылышы керек болот. Сот эки тараптын шарттарын, балдардын кимге көбүрөөк жакын экенине, ж.б. шарттарды эске алып чечим чыгарат.

Үчүнчүдөн:

Үй, же башка мүлктөр баш кошуп чогуу жашай баштагандан кийин алынган болсо жалпы мүлк болуп саналып, анын 50% сот аркылуу бөлүштүрүп алууга укуктуусуз.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janyl баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт