// //

Боюмда бар экен, бир жашар баламды эмчектен чыгарышым керекпи?

2023.02.01, 12:14
1979

Саламатсызбы! Мен бала эмизем, балам бир жашар. Эми дагы боюмда болуп калыптыр. Канча убакыт эмизсем болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.02.2023, 12:15

Аида Осомбаева

Маммолог

Негизи кош бойлуу кезде эмизе берсе болот. Бирок эмизүүнү улантасызбы же эмчектен чыгарасызбы өзүңүз чечесиз.

Биз боюнда бар келиндерге улуу баласын эмчектен чыгарууну сунуштайбыз. Витаминдер жана пайдалуу минералдар үч адамга зарыл: колуңуздагы балага, курсактагы ымыркайга жана өзүңүзгө. Бир жашар балаңыз кошумча тамак ичкенге жарап калса керек. Ал эми курсактагы бала сиз аркылуу гана азыктанат.

Эгер эмизүүнү уланткыңыз келсе, тамактанууңузга көңүл бөлүп, рационду түрлөнтүп, витаминдерди ичиңиз.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт