// //

Күйөөм бир айлыгын эмне алып жок кылганын билип ыйладым

2023.01.30, 11:33
29095

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул ай ачка болот окшойбуз. Мен жетекчи менен тил табыша албай жумуштан чыгып кеттим, күйөөм бүт айлыгын...(ыйлап)

Нан алсак туз жок, туз алсак май жок, май алсак кайра нан жок. Кыскасы азыр жетишпеген турмушта жашап келатабыз. Билем, бул күндөр дагы өтөт. Бул күндөрдү өткөрүш үчүн күйөөм экөөбүз тытынып иштеп жатабыз. Башкаларга окшоп жоопкерчиликти бирөөгө жүктөп, үйдө отуруп, бекер тамак күткөндөрдөн эмеспиз. Ооба, азыркы жашообуз жакпайт, биз жакшы жашагыбыз келет. Мунун эч уяты жок деп ойлойм. 

Экөобүз жаңы жыл алдында балаты көргөнү аянтка бардык. Суук. Жука кийинип алганбыз. Бутубузга суу өтүп, мурдубуздан суу агып калды. Бир ашканага чай ичкени кирдик. Кезекте турганбыз. Анан бир кичинекей кыз, менин бутумду карап, апасына "эженин бут кийими айрылып калыптыр" деп шыбырап күлдү.

Карасам өтүгүмдүн таманы түшүп калыптыр. Көңүлүм дароо түштү. Күйөөмө үйгө кетеличи дедим. Жол бою сүйлөбөй барып, тагдырыма таарынып уктуп калдым. 

Эртең менне турсам күйөөм өтүгүмдү клейлеп отуруптур. "Суу болуп калыптыр, жабышпай жатат" деп кейиди. Чай койдум. Анан күзгү ботинкамды алып чыгып кийип кеттим. 

Бүгүн күйөөм айлык алат. Колбаса жейбиз. Аябай жегим келип жүргөн. Анан мандарин. Анан батир акчасын беребиз. Анан базарга барып продукт алабыз. Ураа!

- Бул эмне?

- Сага?

- Эмне бул?

- Бутуңа. Баягы сага жаккан "италянский" өтүк.

Ачтым. Жаркырап мени карап турат. Жаным десе, бүт айлыгын мага коротуптур. Бутумду ойлоптур. Ден соолугумду ойлоптур. Ыйлап жаттым. 

- Кой ыйлаба, акча табылат жаным, ден соолук табылбайт. Кийип көрсөң. Сага сонун жарашат. Кечир, азыр сени жакшылап кийинте албай жатам. Мына көрөсүң, колума акча тйисин, сени жасантам. 

Бакыт деген ушул эмеспи?

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт