// //

Төрөттөн кийин балама мээрим төгө албай жатам. Бул нормалдуу эле нерсеби?

2023.01.24, 17:21
4152

Саламатсызбы! Жакында эле балалуу болдум. Курсагымды көрүп алып жактырбай жатам. Өзүмдү жаман көрүп, балама мээрим төгө албай жатам. Бул нормалдуу эле нерсеби?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.01.2023, 17:24

Зарина Усупова 

Психолог

Саламатсызбы! Балким, бул төрөттөн кийинки депрессия болушу мүмкүн, кээ бир айымдарда болот, айрымдарда болбойт. Бул нормалдуу эле көрүнүш. Анткени төрөттөн кийин аялдын организминде, сырткы келбетинде бир топ өзгөрүүлөр болду. Булардын баары убактылуу, калыбына келтирсе болот. Ошондой эле кээ бирөөнө энелик мээрим эрте, же кеч келет. Бала төрөгөндөн кийин ичим чыгып калды деп, балаңызды жакшы көрө албай жатсаңыз, бул башка көйгөй болуп калат. Маселени терең изилдөө үчүн психологго кайрылуу кажет. Депрессияга түшкөнүңүз нормалдуу нерсе, балаңызды кабыл албай жатканыңыз башка нерсе. Себебин адис менен так изилдөө зарыл.  

Психолог Зарина Усупова менен инстаграмдан @zarinaa.usupova баракчасы аркылуу байланыша аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт