// //

Балдарым "бизди таштаба, энем урат" деп жалдырашат. Кандай кылсам болот?

2023.01.21, 14:42
7897

Мен да өз көйгөйүм менен бөлүшүп кеңеш алгым келди. Турмуш курганыма 8 жылдын жүзү болду. Турмуштун ысыгын, суугун да көрдүм. Өзүмдү, балдарымды да коргой алам. Кеп менин кайын энемде.

Чогу турабыз. Мүнөзү өтө оор, корс, темир аял. Мен көңүл бурбаганга, жакшы сүйлөгөнгө аракет кылам. Азыр кыш, каникул, эшик суук үйгө эч эле батпай атабыз. Кайын энем катуу кыйкырып каргана берет. Отурса сопок, турса опок.

Жумуштан келе жатып, 1 кмден кыйкырганын угам. Шашып келем. Кыйкыра берип балдарым кок бет болуп бүттү. Бала да олтурган жерде олтурбайт да, ойнойт, күлөт. Элдин балдары тигиндей, мындай, булар адам болбойт, эшектер өлүп эле калгылачы, деп сүйлөйт.

Эх, кудайым сабыр берчи. Унчукпасам балдарым экен, чыдай албай бүгүн айттым. Кыйкырбай акырын айта бериңиз, сизди тоготпой да калышты, сыйыңыз кетип калат десем, менин болгонум ушу, мен ушундаймын деди. Кечке кабагы ачылбайт же жарылып сүйлөбөйт. Адамдардай кенен олтуруп сүйлөшпөйбүз. Мага кылыгын көрсөтсө көрсөтсүн, балада эмне күнөө.

Мени бир гана кайын эне менен чогу айылда тургандар түшүнсө керек. Жумушка кетейин десем, "мени таштаба, энем урат" деп жалдырашат. Кандай кылсам болот? Кандай кеңеш берет элеңиздер? Эне экенмин чыдамым түгөнүп бара жатат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.01.2023, 14:57

Айдана Мадишова 

Психолог 

Саламатсызбы окурман! Биринчи суроом бул окуяга жолдошуңуздун көз карашы кандай? Катыңызда жолдошуңуз анын реакциясы тууралуу сөз болбоптур. Ошентсе да балдарды коргоо, аларга кам көрүү сиздин эле эмес жолдошуңуздун дагы жоопкерчилиги болуп саналат. Андан сырткары катыңызда кайын энеңиз менен болгон мамиледе жабык эмоциядардын көп экендигин байкоого болот. Мисалы, агрессия, нааразычылык. Бул бир топ убакыттан кийин сизге чоң терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошол эле агрессияны балдарыңыздан, жолдошуңуздан чыгарып калышыңыз мүмкүн. Мындайда үй-бүлөдөгү мамиле бузулуп кетет. Ошондуктан кайын энеңизге болгон терс эмоцияларды ачык айтканга аракет кылып көрүңүз. Мен чыдайм деп терс эмоцияларды ичке катпаңыз. 

Психологияда "здоровая агрессия" деген термин бар. Бул деген башкаларга зыян келтирбестен өз агрессиясын айта алуу болуп эсептелинет. Мисалы, балдарды тарбиялоо, коргоо, кам көрүү ата-эне катары менин милдетим. Сиз балдар менен убакыт өткөрүүгө, эркелетүүгө, ойнотууга, маектешүүгө чоң эне катары укуктуусуз. Бирок аларды урууга, урушууга, коркутууга, каргоого эч кандай укугуңуз жок. Мен балдарымды коргошум керек, коргой алам. Мына ушундай түрдө кайын энеңизге айтсаңыз болот. 

Чоң эне менен неберелердин бирге убакыт өткөрүүсүн азайтыңыз. Мисалы, өзүңүз үйдө болгон учурда балдарыңызга убакыт бөлүңүз, аларды башка нерсе менен алектентип, бирге ойногонго аракет кылыңыз. 

Сизге ийгилик каалайм! 

Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт