// //

Инопланетянинге окшош, бирок биздин планетада жашаган жандыктар

2023.01.12, 17:17
2064

Бизди укмуштуудай нерселер курчап турат. Айланага жакшылап көз чаптырсак эле, таң калыштуу нерселерди көрө алабыз. Бүгүн биз дал ушундай укмуштуудай жандыктарды топтоп чыктык. Сиз буларды көрө элек болушуңуз керек. 

Кара жамгыр бакасы

Байкуш бака ханбийке качан келип өбө деп күтө берип кайгыга батып кеткендей көрүнөт. Баса, булар кадимки бакалардай болуп чардабайт, аларга кол тийгизсең жүрөктү титиреткен башкача үн чыгарат. 

Пигми деңиз аты

Бул балык кораллдардын арасында жашап, аларга окшошуп кеткен, ошондуктан адаттан тыш көрүнүшкө ээ. Баса, деңиз аты– балык. Денесинин узундугу болгону 14–27 мм.

От үлүл

Бул үлүлдөрдү "дракула үлүлү" деп да аташат, бирок булар абдан боорукер экени айтылат. Тилекке каршы, сулуулугуна суктанган адамдар аларды кармап сата башташкан. Учурда от үлүлдөр тез эле жок боло баштаган жаныбарлардын тизмесинде.

Деңиз корозу

Бул балыктардын ачык түсүнөн тышкары дагы бир өзгөчөлүгү – сүзүүчү көбүгү жана ага бекитилген булчуңдарынын жардамы менен үн чыгара алышы. Балыкчылар аларды суудан алып чыкканда, алар коркунуп, кыйкырып жиберишет деп дагы айтылат.  

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт