// //

Кайын-журтума баргандан кийин кыйын боло баштадым

2023.01.11, 16:42
18101

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Алгач базарга бардык. Мага кийим алдык. Өмүрү кийип көрбөгөн кийимдер. Кайын энем менен кайын сиңдим ушундай сонун көйнөктөрдү алып берди. Экөөнү дагы көп сатуучулар таанып калыптыр, жакшы арзандатууларды кылып беришти. Андан чыгып алып кафеге кирдик. Ичи кооз, тамактары бир укмуш. Алдыма буйрутма кылган тамакты алып келип койгондо, ыйлап жибердим. 

- Сага эмне болду? Жакпай калдыбы? Башкасын аласыңбы?

- Жеңе эмне болду?

Экөө чый-пыйы чыгып калды. Же сүйлөй алсамчы. Көз алдыма атам менен чоң энемдин ачуу сөздөрү келди. Чуу чыбыктан таяк жеген жерлеримден калган тактар ачышып кетти. 

"Башың иштейби", "колуңан эмне келет", "буга боло берет", "жыртылса тиги ал", "ары турчу" ж.б. Мен угуп чоңойгон ушул сөздөр эле.

Апам каза болгондон менин балалыгым бүткөн. Эсимде 5-6 жаш болсом керек. Бир короо койго жалгыз суу берчүмүн. Кыштын ызгаар күнүндө жылаң баш чыгып алып суу ташыган күндөрүм, сууктан ыйлаганым, чоң апамдын ур-токмогу, атамдын ачуу сөздөрү... Мен басынып чоңойгон кыз элем.

Эч ким мени жактырбачу. Таенем башынеда келип жүрдү. Бирок аны кубалашып, мени көрсөтүшпөйт эле. Акыры келбей калды. Кийин анын каза болуп калганын уктум. Ошондо түнү менен ыйлап чыккам. Бир күнү келип алып кетет деген үмүтүм өчтү деген белги эле.

11-классты бүтүп жатканда атам окутпай турганын айтып, күйөө издей баштады. Мен экзамендерге даярданып бюджетке өтүп кеттим. Чоң энем жибербей турганын айтып, катуу урушту. Качып чыктым. 

Жатаканада отурсам атам кирип келди. Катуу урушуп, каникулда үйгө келип турушумду айтты. Макул дедим, ар каникулда барып койлорго суу берип жүрдүм.

Турмушка чыккандан бери өзгөрүлдүм. Кайын журтумдун мага кылган мамилеси, мен эмнеге татыктуу экенимди билдирди. 

- Мага бул кымбат кийимдер, мындай кафеде отуруп тамак ичкен маанилүү эмес. Мага силердин кылган мамилеңер баарынан маанилүү. Ушундай нерсеге татыктуу көрүп жатканыңыздар көз жашымды агызды. Мен, мен...

Дагы ыйлап жибердим.

- Ыйлаба кызым, сен биздин үй-бүлөнүн мүчөсү болосуң, уулумдун жактырып алган жарысың. Сен бизге эмес, биз сага татыктуу болушубуз керек. Ыйлаба, кызым, кой.

Экөө эки жагымдан сооротуп жатышты. Мен өзүмдү баалганды үйрөндүм. Баягы басынган шапкасы жок кичинекей кыз боюн түзөдү. Баары өзүбүздөн башталат тура...

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт