// //

БАД ичерден мурун бул нерселерди билип алыңыз

2022.12.07, 12:41
962

Салам, достор! Бүгүн кезектеги пайдалуу маалымат менен бөлүшөбүз. Тактап айтканда, БАДлар тууралуу 5 негизги суроолорго жооп жарыялайбыз. Эгер буларды ичсемби же жокпу деп жүрсөңүз, анда сактап алыңыз. 

БАД деген эмне?

БАД - биологиялык активдүү кошулмалар, тамак-аш же дары-дармек эмес. Википедияда, бул тамак-аш менен кабыл алынган же тамак-аш азыктарына кошулган биологиялык активдүү заттар жана алардын курамы деп айтылат.

Кимдерге сунушталат?

БАДды тамактануу адаты бузулган адамдар – күнүмдүк рационунда белоктордун, майлардын жана углеводдордун балансы сакталбаганда кабыл алуу сунушталат.

Өз алдынча ичсе болобу?

Эч качан өз алдынча ичпеш керек, анткени тобокелдиктер бар. Мисалы, кээ бир изилдөөлөр боюнча, витаминдердин ашыкча болушу шишиктин пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Же, темир менен цинкти бир убакта кабыл алууга болбойт, алар бири-бири менен айкалышпайт дегендей. Врач менен гана иш алып баруу керек. 

БАД ичүүнү чечкенде, эмнеден баштоо керек?

Дарыгер жазып берген анализдерди тапшыруу керек, ага ылайык, биринчи кезекте, организмде кандайдыр бир заттардын жетишсиздиги, башкача айтканда, БАД ичүү зарылчылыгы бар же жок экендигин аныктоого болот. 

Баасы канча турат?

Эгер БАД ичүүнү чечкен болсоңуз, анда жогорку сапаттагыларын алыңыз. Бул жерде арзанга качпаш керек. Анткени, кеп ден соолукта. 

А сиз БАД ичтиңиз беле?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт