// //

Бул 10 азыкты жесеңиз тишиңиз көпкө сакталат

2022.12.02, 14:34
1223

Салам, достор!"Амарис" стоматологиялык клиникасынын адистери, тишиңизге эң пайдалуу 10 азык жөнүндө айтып берди. Тиштин эмалын көп жылдар бою кантип сактайм деп жүргөн болсоңуз, бул маалыматтын жардамы жакшы тиет. 

Сыр

Бардык сүт азыктарынын ичинен катуу сыр өзгөчө орунга татыктуу. Ал шилекейдин бөлүнүп чыгышына көмөктөшөт, кариестин негизги себеби болгон нейтралдаштыруучу кислоталарды жок кылган кальций жана фосфаттарды камтыйт.

Катуу жемиштер жана жашылчалар

Биринчиден, сабиз, бадыраң жана алманы айта кетүү керек. Кептин баары бир гана булар камтыган витаминдер менен минералдарда эмес, алардын физикалык касиеттеринде. Алсак, сабизди жегенде, тишиңиздин бүлөлөрүнө эң сонун массаж жасалат.

Мөмөлөр

Тиш үчүн ушундай пайдалуу азыктардын ичинен малина, кулпунай, карагат, көк карагат, клюква ж.б. белгилей кетүү керек. Мөмөлөр сонун даамынан тышкары, өтө маанилүү витаминдерди, пектиндерди жана көптөгөн микроэлементтерди камтыйт. 

Жашыл чөптөр

Петрушканы үзгүлтүксүз колдонуу тишиңизди агартаарын билесизби? Мындан тышкары, пияз, шпинат, укроп, сельдерей жана башка жашылчалар кандын пайда болуу процессин жакшыртат, кан тамырларын бекемдейт жана тиштин кан агуусун жок кылат.

Жаңгактар

Жаңгактар ​​аминокислоталар, пайдалуу майлар жана витаминдерге толгон азык болуп саналат. Алсак, кешью жаңгагы өзүнүн бактерициддик сапаттары менен белгилүү. Бадамдар ооруну басаңдатуучу дарынын ордун алмаштырса, кедр жаңгактарында ванадий, кальций жана фосфор бар.

Цитрус

Тишибиздин ден соолугу цитрус жемиштеринен да көз каранды экенин көпчүлүк биле бербейт. Ошол эле грейпфрут ооз көңдөйүндө ар кандай сезгенүү процесстеринин пайда болуу коркунучун, тиштин кан агуусун азайтат. Апельсин, бизди С витамини менен камсыз кылуудан тышкары, тиштерди коллаген сыяктуу маанилүү зат менен камсыз кылат. Ал эми лимон патогендик микробдорду  жок кылат жана бүт ооз көңдөйүнүн дени сак микрофлорасын сактайт.

Көк чай

Бул жыпар жыттуу суусундуктун сүйүүчүлөрү, ал тиш үчүн абдан пайдалуу азык экенин көрүп, абдан бактылуу болушат чыгар. Чынында эле, көк чай ичине зыяндуу бактерияларды жок кылуучу жана эмалды бекемдөөчү абдан пайдалуу заттарды жана элементтерди камтыйт.

Деңиз азыктары

Балыктын, крабдардын, мидиялардын, креветкалардын, моллюскалардын жана башка деңиз азыктарынын бардык түрү биздин тиш эмалына, ошондой эле бүт организмге абдан пайдалуу.

Кара шоколад

Таң калыштуу, бирок дал ушул атактуу таттуу тиш эмалына эң пайдалуу азыктардын бири болуп эсептелет. Чындыгында кара шоколаддын курамында көп сандагы какао бар. Ал эми какао теобрамин сыяктуу затка абдан бай, ал тиштин эрозиясын жана тиштин сезгенүүсүн алдын алат. Какао ошондой эле ооздогу кычкылдуулуктун деңгээлин төмөндөтүп, кан айланууну стимулдайт.

Буларды мүмкүн болушунча тез-тез жегенге аракет кылыңыз, ошондо тишиңиз сизге көп жылдар бою кызмат кылат!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт