// //

Жыныс кынымды марганцовка менен да жуусам болбой жатат. Эмне кылам?

2022.12.01, 15:12
12625

Саламатсызбы! Менин жыныс кыным кычышып жатат. Марганцовка менен дагы жуудум. Болбой койду. Эмне кылсам болот? 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.12.2022, 15:14

Элнура Таштемирова 

Акушер-гинеколог 

Саламатсызбы! Марганцовка, кир самын, айрымдары соода менен дагы жуушат, мындай кылган такыр болбойт. Кычышып, суюктук бөлүнүп келип жатса, анда сөзсүз гинекологго келиңиз. Биз мазок алышыбыз керек. Балким кандида, инфекция, сезгенүү бар. Анализден кийин так себеби билинет. Өз алдынча дарылануу ооруну күчөтөт. Тезинен гинекологго барыңыз. 

Гинеколог менен инстаграмдан @tashtemirova_elnura баракчасы аркылуу байланыша аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт