// //

Банан жеп СПИД жуктуруп алсам болобу? ВИЧ тууралуу 5 миф

2022.12.01, 12:00
2920

Салам, достор! 1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата, ВИЧ тууралуу мифтерди чогулттук. Албетте, мындай жалган маалыматтар көп деңизчи, биз бүгүн алардын айрымдарын гана жокко чыгарабыз. 

1-МИФ. СПИДди банан аркылуу жугузуп алсам болот

Бул жалган маалымат. Адам эч убакта дароо СПИД менен оорубайт, алгач ВИЧке чалдыгат. Экинчиден, ВИЧтин вирустары тышкы чөйрөгө такыр туруктуу эмес. Алар адамдын организминде гана жашай алышат. Бананды жеп ВИЧ вирусун жугузуу үчүн ага жаңыдан шприц менен кан куюлуп, аны сиз дароо жеп, сиздин тиштериңиз ооруп, бүлөлөрүңүз канаса, ошол кан аркылуу жугушу мүмкүн. Бирок андай факты бир да жолу катталган эмес.

2-МИФ. Дарыланып жатам, демек, вирусту тарата албайм

ВИЧти дарылоо кандагы вирустун санын кан анализинде аныкталбаган деңгээлге чейин азайтат. Бул "аныкталбаган вирустук жүк" деп аталат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эгер сиздин вирустук жүгүңүз аныкталбаса, сиз вирусту жугуза албайсыз. Бирок ВИЧке каршы дары-дармектериңиздин дозасын өткөрүп жиберсеңиз же аларды колдонууну токтотсоңуз, вирусту башкаларга жугузуп коюшуңуз мүмкүн. Андыктан аларды так жазылгандай кабыл алышыңыз керек. Башка бирөөгө жуктуруп албаш үчүн жыныстык катнашка барууда презервативди колдонушуңуз зарыл. Өнөктөшүңүз экөөңөр тең ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган болсоңуз да, презервативдерди колдонуу сизди  жыныстык жол менен жугуучу оорулардан коргойт.

3-МИФ. Менде ВИЧ аныкталды, эми жашоом бүттү

Заманбап дары-дармектер ВИЧ, ал тургай СПИД менен ооруган адамдарга узак жана нормалдуу жашоого мүмкүндүк берет. Эгерде сиз дароо дары-дармектерди баштап, туура кабыл алсаңыз, таштап койбосоңуз, дарыгер менен тыгыз байланышта болсоңуз, анда сиз эч качан СПИДге чалдыкпашыңыз мүмкүн. Жана башкалардай эле көп жыл жашай аласыз.

4-МИФ. Күн сайын ондогон таблеткаларды ичишим керек

Бир нече жыл мурун ВИЧке чалдыккандар чындап эле көп таблеткаларды ичиши керек болчу. Азыр ВИЧти дарылоону баштагандардын көбү күнүнө бирден төрткө чейин таблетка ичишет. Замандын өнүгүшү менен бир таблеткада эки же үч дары айкалыштырылып жасалып баштады. Дарыгерге кайрылсаңыз, сизге керектүүлөрүн айтып, жазып берет. 

5-МИФ. ВИЧке чалдыктым, эми балалуу боло албайм

Бул жалган, сиз балалуу боло аласыз. АРВ-препараттарды ичүү менен дени сак балалуу болуу мүмкүнчүлүгү бар. Дарыгерлер кош бойлуулук учурунда өнөктөшүңүзгө вирус жугузуп алуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу же жок кылуу боюнча чараларды көрүүгө жардам берет. Эгер сиз кош бойлуу болсоңуз, дарыгер сизди жана балаңызды коргоо үчүн ВИЧке каршы дарыларды жазып берет. 

А сиз кандай мифтерди билесиз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт