// //

Күйөөм мени өлүп калыптыр деп бул ишке барыптыр

2022.11.28, 17:07
965

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет аялын жоготуп алдым деп ойлогон эркектин баянын жарыялайбыз. 

Түнкү саат эки. Ичимдин катуу ооруганынан чочуп ойгондум. Шейшебим дагы суу болуп калыптыр. “Толгом башталды!”. Командировкага кеткенин унутуп, күйөөмдү издеп кирдим. Эмне кылсам? Эмне кылсам? Дендароо болуп ары-бери баса бердим.

Гинекологум эки жумадан кийин төрөйсүң деген. Мындай болорун кайдан билдим. “Жетишип калат экенмин” деп күйөөм дагы шаар четине жумуштап кетип калган.

Түнкүсүн айылдагы ата-энемди убара кылбайын деп өзүм эле тез жардам чакырдым. Буюмдарымды салыштырып, көчөгө чыктым. Ичимдин ооруганы күчөп баштады. Биринчи балам болгондуктан, аябай коркуп, ыйлап кирдим. Тигине тез жардам көрүндү.

“Тезинен кесарево кылыш керек! Болбосо бала тумчугуп калат!” Дарыгер ары-бери чуркап жүрөт.

“Төрөтканадамын. Кесарево кылганы жатышат. Кош.” Күйөөмө ватсаптан смс жөнөттүм. Т9 деген балээ каттын аягына “кош” деген сөздү кошуп коюптур. Аны мен билген эмесмин. Телефонумду медайымга берип, реанимацияга кирип кеттим.

Күйөөм үйгө келсе эшик ачык, кийимдер чачылган, жердин баары суу. Катты окуп коркону аз келгенсип, мунун баарын көрүп шок болуп калат. Кайсы төрөтканага барды экен деп, баарына чалып баштайт. Ортодон бирөөсү алып, “ооба, жаш келин келип түшкөн, тилекке каршы бала экөөнү сактай албай калдык” дейт. 

“Ата, мени кечириңиз! Сизге берген убадамды аткарып, Айгеримди коргой албадым. Мен эми кантип жашайм, ата!”

Айылдагы ата-энемдин үйүнө өкүрүп кирип барат. Дагы жакшы жаңы эле аларга медайым чалган экен. Атам баары жакшы дегиче болбой ээси ооп жыгылат.

Көзүмдү ачсам, балам жанымда бышылдап уктап жатыптыр. Ал аңгыча күйөөм палатама чуркап келди. Бетимден өпкүлөп ыйлап кирди. Эч нерсе түшүнбөй калдым.

“Адашып ошол бейтапканага чалганым ырас болду. Сенсиз жашай албай турганымды, канчалык сүйрөрүмдү түшүндүм. Буга чейин көңүлүңдү ооруткан болсом кечир!” Күйөөм таптакыр өзгөрдү. Жумушунан эрте келет, себепсиз чалып акыбалымды сурайт, үй жумуштарына кол кабыш кылат ж.б.  

Билесиңерби, бул окуя экөөбүздү аябай жакындатты. Себеби, жаныңдагы адам бир заматта жок болорун түшүнсөң, аны менен болгон ар бир күндү баалап калат экенсиң. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт