// //

Күйөөм эки баламды көрсөтпөй жатат. Кантип алсам болот?

2022.11.28, 16:36
741

Менин 2 балам бар. 2017-августа ЗАГСка турдук, 2019-жылы сентябрда ажыраштык. Соттун буйругу бар, 16-апрель, 2019-жылы алимент боюнча 2 балама төлонсүн деген. Күйөөм бир дагы алимент төлөгөң жок, эч жерде иштебейм, "отказ" жазып берем дегенге чейин барды. Балдарымды алып кетип, эки ай карап кайра алып келип турушчу. Жашаганга аракет кылып көп жолу бардым, акыркы жолу 2021-жылы жайында мени уруп сабаганынан кетип калдым. Ошол бойдон балдар ортодо жүрдү. Көбүнчө мен карап жаттым, буга чейин деле 1 айга, 2 айга алып кетебиз дешкенинен макул болчумун. Мен 2022-жылы жайында башкага турмушка чыктым. Менин 2 баламды дароо алып кетип калышты. Шаарга келгенде көргөзүшкөн жок. "0" класска беребиз дешип кызымдын документин сураганынан берген эмесмин. Ошол үчүн шаарга келгенде көргөзбөй коюшуптур. Азыр кызымдын күбөлүгү аларда, 0-класска барып жатат. Мени менен анча сүйлөшүшпөйт. Балдарымды энеңер эрге тийди деп жаман сөздөрдү айтып мага каршы кылып жатышат. Сурайын дегеним ошондо балдарды мага калтырды беле сот? Ажыраштырган сотко кайрылып соттун токтомун алышым керекпи же соттун буйругу жарайбы? Мен балдарымды алгым келет, бул күйөөм менен ЗАГС жок. Жакшы бала, ата-энеси да каршы эмес. Биринчи күйөөм соттошсоң ызы-чуу кылам деп коркутуп жатат? Кийим алып берип же акча салсам, "салба" деп чалып жаман сөздөрдү айтат. Баса, балдарымдын атасы Бишкекте жашайт, ата-энеси айылда, балдарым ошол жакта. Кандай кылып балдарымды ала алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.11.2022, 16:36

Нурислам Раимжанов

Юрист

Урматтуу окурман! Соттун актысын караш керек. Буйрук менен балдар ким менен жашасын чыгарбайт. Ажырашып жатканда балдардын жашоо ордун тактап берүүсүн суранган болсоңор, анда, бул нерсе ажырашуу жөнүндө соттун чечиминде болот. Андай талап коюлган эмес болсо, жөн эле ажыраштырып коет. Балдарга карат ата-эненин укуктары бирдей. Балдарыңызды көрүп, алар менен кбаарлашып турууга толук укугуңуз бар. Балдар ким менен жашаса, ал ата-эненин бирөөсү бул нерсе тоскоолдук кылбашы керек. Згер көрсөтпөй жатышса, анда балдарыңыз жашаган аймактагы социалдык коргоо уюмунун бөлүмүнө кайрылсаңыз болот. Алар тигил тарапка барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, бул дагы жыйынтык бербесе сотко кайрылыңыз. Сот балдар ким менен жашаса жакшы болот деген маселени карап чыгат. Азыр балдар чоң ата, чоң апасынын колунда экен, күйөөңүз экөөңүздө эмес. Ошондуктан, бул жерде балдар сиз менен жашаса, алардын өсүп-өнүгүүсүнө жакшы болсо, анда сот сиз тарапка чечим чыгарып бериши мүмкүн. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт