// //

Апам уруша берип, коркок болуп калдым. Кантип максатыма жетсем болот?

2022.11.28, 11:41
6036

Мен окууну жаңы эле бүткөм. Мен ата-энем менен 4 айлыгымдан бери жашабай, мээрим көп алган эмесмин. Өзүмдүн таэнемдин колунда өскөм. Мектепте башталгыч класста окуп жүргөндө, ата-энем келип, көбүнчө апам урушуп, көп психологиялык жактан жабыркагам. Бир иш кыларда корко берем жана өзүмдү баалоом төмөн. Өткөн кезимди кайра-кайра ойлоно берип жек көрүүм өзүмө залалы тийип жатат. Ошондой эле максатымы, эмнеге кызыгам ушул нерселерди жоготуп алдым деп ичимден кыйнала берем. Ушунун кесепетинен кайсы окууга тапшырарымды билбей окуган жокмун. Азыр өзүмдү ким экенимди таанып, кийинки жылы өз каалоом менен окууга тапшырып алдыңкы студенттердин катарына кошулгум келет. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.11.2022, 11:44

Зарина Усупова 

Психолог

Саламатсызбы! 

Жаштайыңыздан ата-энеңизден алыс өсүп, анын залалын эми көрүп жатканыңыз абдан аянычтуу. Сиз кайрылууңуздун аягында (Азыр өзүмдү ким экенимди таанып, кийинки жылы өз каалоом менен окууга тапшырып алдыңкы студенттердин катарына кошулгум келет) өзүңүзгө өзүңүз жакшы жооп берип койдуңуз деп ойлойм. “Эмне кылсам болот деген сурооңузга?” ошол жогоруда жазган максаттарыңызды ишке ашырып көрөсүз деп ишенем. Сизде баары жакшы болот, алдыга гана багыт алыңыз. 

Психолог Зарина Усупова менен инстаграмдан @zarinaa.usupova баракчасы аркылуу байланыша аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт