// //

Экологиялык накта азыктарды чыгарган ишкерлерге кредит берилет

2022.11.25, 11:12
565

“Айыл Банк” ААКсы “Экопродукт” өздүк продуктусунун эсебинен жаратылышка зыян келтирбей, экологиялык накта азыктарды чыгарган ишкерлерди каржылык колдоо максатында, пайда алып келген иш багыттары, ошондой эле калктын керектөөлөрү үчүн кредит берүүдө.

Кредиттин багытталышы:

- электромобил сатып алууга;

- органикалык жер семирткичтерди өндүрүүгө;

- күн нуру менен иштеген батареяларды жана панелдерди чыгарууга;

- тамчылатып сугаруу системасын жайылтууга;

- агро жана экотуризмди өнүктүрүүгө;

- экоэмеректерди жасоого;

- үй ичин жылуулоого;

- түшүм берчү бак өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн отургузууга ж.б.

Кредитти кимдер ала алат?

- туруктуу бизнеси бар чакан жана орто бизнес субъекттери;

- ай сайын түшүп турган туруктуу акчалай кирешеси жана менчигинде активи бар жарандар.

Кредиттин мөөнөтү:

  • Керектөө максаттарына 7 жылга чейин;
  • Жүгүртүү капиталын толуктоого кредиттин максималдуу мөөнөтү 3 жылга чейин;
  • Инвестициялоого кредиттин максималдуу мөөнөтү 7 жылга чейин.

Пайыздык чен:

  • 200 000 сомго чейин жылдык 21%
  • 200 001 сомдон жогору жылдык 19%.

Кредиттин минималдуу суммасы – 30 000 (отуз миң) сомдон жогору.

150 миң сомго чейинки сумма күрөөсүз берилет, ал эми 150 миң сомдон ашык сумма кредит үчүн күрөө талап кылынат.

“Айыл Банк” – элге жакын банк!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт