// //

Эч ким көз артпаса, анда жашооңуз кызыксыз! Хейтерлерге жооп берүү тууралуу

2022.11.21, 15:42
1544

Салам, достор! Бүгүн бизде сонун маалымат. Өлкөбүздөгү эң белгилүү жана суроо талапка ээ болгон коммуникация боюнча эксперт Гульнура Торалиева, хейтерлерге кантип жооп берсе болорун айтып берди. Сөзсүз сактап алыңыз. Мындай маалыматтар чанда кездешет.

- Эгер сиз жана блогуңуз хейт жаратып жатса, анда экөөңөр тең кызыктуусуңар! Бул сонун нерсе, куттуктайм! Аракет кыла бериңиз, сиз туура багытта баратасыз.

- Хейтерлер - жашоосунда жыргатарлык эч нерсеси жок адамдар экенин билиңиз. Бактылуу жашагандар негизсиз агрессияга, көрө албастыкка жакындабайт. Алар дүйнөнү позитивдүү көз караш менен карашат. Хейтерлерге боор ооругандан башка арга жок.

- Хейтти критикадан ажырата билүү зарыл. Жеке чектен өтүп кетпеген критика ишти, продуктуну, кызматты жакшыртууга жардам берет. Сын айтып жаткан адамдан сиздин ордуңузда болгондо кантип башкача кылмак, эмнени оңдомок экенин сурасаңыз болот. Критика эмоционалдуу эмес. Ал эми хейтти талкуулоонун эч кандай пайдасы жок. Ага көңүл бурбаңыз, өчүрүңүз, унутуңуз, же "охват" менен талкууларды көбөйтүү үчүн калтырып коюңуз. Кааласаңыз позитивдүү комментарий, юмор менен жооп бериңиз. Адатта, мен "жүрөктөрдү" жөнөтөм.

- Хейтерлер келечек контентке идея топтоо үчүн пайдалуу. Хейтти мазактоо - эң кызыктуу контент. Позитивдүүлүк жана юмор менен жооп бериңиз. Бул аракет алардын көңүлүн түшүрүп, жаңы аудиторияны тартат.

- Хейтерлер (арасында кесиптештер, тааныштар, атаандаштар, достор, туугандар да бар) эмоциялар менен азыктанышат. Андыктан аларга тамак бербеңиз. Эгер позвитив же игнор менен жооп бере албасаңыз, анда жөн гана комментарийлерди же сизге каршы багытталган билдирүүнүн эскертмелерин өчүрүңүз. Эң тажатмаларын болсо блокко салып таштаңыз.

- Өзүнө ишенген адамдар хейтти оңой эле көтөрүшөт, мисалы, мен алар менен чындап эле көңүл ачам (күлүп). Андыктан, өзүңүздүн бааңыздын үстүнөн  иштеңиз, өзүңүздү өнүктүрүңүз, "крутой" эксперт, кыйын адис, мындан да сулуу, мындан да бактылуу болуңуз. Өздүк бааны психологдун, коучтун жардамы менен иштеп чыкса болот.

- Хейтти өз кызыкчылыгыңа колдонуу эң сонун нерсе. Аны башкарганды билсеңиз, анда бийик деңгээлге чыгасыз. Хейтердин агрессиясын, көрө албастыгын же келесоолугун билим, юмор менен көрсөтүү - эң жогорку пилотаж.

- Акыл үйрөтпөңүз, хейтерлер менен диалогго барбаңыз. Алардын максаты сизди тең салмактуулуктан чыгаруу. Эсиңизде болсун, хейт - бул моюнга алуу. Эгер сизге эч ким көз артпаса, анда жашооңуз кызыксыз. Жыргап, бактылуу болуп, сонун жашаңыз, ошондо хейтерлердин ким экенине деле маани бербейсиз!

А сиз хейтерлерге кантип жооп бересиз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт