// //

“Айыл Банк” “Пионер” курулуш компаниясы менен биргелешип ипотека бере баштады

2022.11.18, 14:34
3772

“Айыл Банк” ААКсы “Пионер” курулуш компаниясы менен биргелешип, калкка ипотека бере баштады. Бул тууралуу банктан билдиришти.

Долбоор “Аракетке-Берекет” депозиттик продуктысынын алкагында ишке ашат.

Кардар “Пионер” курулуш компаниясынан батир тандап, келишим түзүп, анын жалпы суммасынын 10 пайызын “Айыл Банктан” депозиттик эсеп ачып, ага салат. Батир 1,5-2 жылда курулуп бүтөт. Ага чейин кардардын банктагы депозиттик эсебиндеги каражаты көбөйүп отурат. Эки жылдан соң батирдин калган суммасын банк башка банктарга салыштырмалуу төмөн үстөгү менен 7 жылдан 10 жылдык мөөнөткө чейин ипотекалык кредит берет.

Учурда катловандан батир алууда көпчүлүк адамдар кооптонуп калышкан. Ал эми бул долбоордун өзгөчөлүгү – кардар эч качан күйбөйт. Анткени, кардардын батир сатып алуу үчүн  каражаты “Айыл Банктагы” депозиттик эсебинде батир толук курулуп бүткөнгө чейин кармалат.

Долбоор ушул жылдын ноябрынын башында түзүлгөн келишимдин негизинде ишке аша баштады. Бүгүнкү күнгө карата 6 кардар “Пионер” курулуш компаниясынын батир тандап, “айыл банктан” депозиттик эсебине каражат салды.

Белгилей кетчү жагдай, долбоор бардык кардарларга сунушталат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт