// //

Чыгармачыл адам болом дегендерге 5 кеңеш

2022.11.18, 12:45
1433

Салам, достор! Коендой окшош күндөрдөн, кийимдерден, окуялардан тажадыңызбы? Креативдүү болуп жашагыңыз келеби? Анда бул кеңештерге кулак салыңыз. 

"Насмотренность"

Чыгармачыл жана чыгармачыл эмес деген инсан түрлөрү жок. Болгону өзүн өнүктүрбөгөндөр бар. Эң негизгиси өз тармагыңызды канчалык деңгээлде жакшы билесиз, мына ушул маанилүү. Эгерде бир тармак жакса, ага кызыксаңыз, ошол нерсе сизге бакыт алып келерин билсеңиз, анда издениңиз. Ал тармакта жаралган эмгектерди карап чыгыңыз. Азыр "насмотренность" деген сөз популярдуу болуп жатат. Мисалы, сиз модага кызыгасыз дейли. Анда дүйнөлүк мода жумалыктарын караңыз, дизайнерлердин эмгегине көз жүгүртүңүз, дароо байкалбаганы менен креативдүүлүк пайда болот. Мына ушуну "насмотренность" деп коет. 

Атаандаштар

Атаандаштарды издеп таап, аларды туураңыз. Бул жаңыдан баштап жаткандар үчүн эң сонун тактика. Жаңы бир нерсе кылам деп көп убакыт кетирип отурбай, бар болгондорун колдонуп туруңуз. Идея кийин, өзү эле пайда болот. Бул бирөөнүү тууроо же көчүрмөсү болуу эмес. Бул деген илхам алуу жана буга чейин иштеп жаткан ыкмаларды колдонуу жолу.

Эрк

Буга чейин эреже, тартип, коом жана башка адамдар койгон талаптар менен жашап келгенсизби? Болду, аларды жыйыштырыңыз. Баарын бузуңуз. Сизге чейинкилер ойлоп тапкан нерсенин кулу болбоңуз. Чыгармачылык бул адаттан тышкары ойлонуу жөндөмү. Баары кара ботинка кийсе, сиз жашылын кийиңиз. Кеп ботинка жөнүндө гана эмес, түшүнүп жатасыз деп ойлойбуз. Эрктүү болуңуз. 

Ар кайсы тармак

Мен врачмын, болду жетет деген болбойт. Врач болсоңуз дагы башка тармакта өнүгүңүз. Ар бир тармактан кесибиңизге керектүү бир нерсе тапса болот. Болгону туура издеш керек. Өз кесибиңизде деле, чет өлкөлүк коллгеларыңыздын жумушун караңыз, ал жакта сөзсүз кесиптештериңиз колдонбогон ыкмалар бар, аларды туура пайдалансаңыз, көп өтпөй үзүрүн берет.

Майда кадам

Баары майдадан башталат. Дароо тоону тоңкором дебеңиз. Күрөктү алып, тоонун этегине барып, күнүнө бир-эки күрөк топурак болсо да каза баштаңыз. Башкалар экскаватор айдап келип, шашып казып жатса, аларга теңелбеңиз. Сиз процесстен рахат алыңыз, өз жолуңуз менен кете бериңиз. Ошондо биринчи болосуз. 

Бул кеңештерди колдоном десеңиз, жүрөк басыңыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт