// //

Мени коркутуп берген алтындарын тартып алган күйөөмө жазган катым

2022.10.10, 16:33
17597

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Байкасам, ажырашуу ар кимге ар кандай таасир берет экен. Жакшылар жаман, боорукерлер таш боор, жооштор ажаан болуп калат дегендей. Эмнеси болсо да, баары өзүбүздөн көз каранды!

Мен ажырашкандан кийин өткөндү келечекке сүйрөбөш керек экенин түшүндүм.

Бул катты өмүр бою бирге болом деген ниет менен баш кошкон күйөөмө жаздым. Кааласаңар окугула, болбосо жок, эч кимди мажбурлабайм.

“Кымбаттуум, сен мага жакшы сабак бердиң.

Алгач мага кыйкырып сүйлөчү болдуң, кечирим суроо тууралуу ойлогон да жоксуң. Унчукпадым. “Баш ийди, демек, меники туура” деп ойлодуң. А бул жөн гана коркуу сезими эле. Таарынттың. Жаман сөздөрдү айттың. Бирок, ал сөздөр мен эмес, өзүң жөнүндө болчу.

Өмүрү мага кол көтөрбөгөнүңдү эстеттиң. Бирок сен мени сабагансың. “Качан?” деп таң калып жатасыңбы? Анда угуп тур! Аткарылбаган убадаларың, басынткан сөздөрүң, сүйлөп жатсам мени эмес, телефонду карап отурганың, өтүнүчтөрүмдү жоопсуз калтырганың, түнү менен күттүргөнүң, сага болгон көз карандылыгымдан пайдаланып манипуляция кылганың, көйгөйлөрүмдү айтсам укпаганың, туугандарыма, курбуларыма жибербегениң, туулган күнүмдү унутканың – булардын баары зордук-зомбулук болуп эсептелет!

Мен үчүн эмнелерди жасаганыңды көрсөткүң келди. Бергендериңдин баарын тартып алдың. Коркуп, сенсиз эч ким экенимди түшүнүшүмдү кааладың. А мен түшүнгөн жокмун. Эсептешүүнүн эмне кереги бар? 

Алып бер деп суранган эмесмин, өзүң  белек бергенди жактыраар элең. Тартуулаган алтындарыңа кошуп, сага болгон сый-урматымды кайтарып алдың. Болгону сен мени ушинтип жазалайм деп жаңылыштың.

Кимди жоготконун түшүнсүн деп кетип калдың. Сенсиз жашоого аракет кылып көрдүм, мага абдан жакты. Мен эми таштанды чакаң эмесмин. 

Ушул убакка чейин  жактоочуң болуп келдим. Балдардын алдында баркың түшпөсүн деп, жумуштан келип алып бизге кыйкырсаң “атаңардын бүгүн көңүлү жок” деп байкуштарды алдадым. Бүттү. Бул кызматта иштегим келбейт.

“Менден башка эч кимге керегиң жок” деген сөздөрүңө ишенчүмүн. Көрсө, мен өзүмө керек экенмин. Көзүм ачылды. Сенсиз жашоо сонун экен! Эч кимге өзүмдү басынтууга жол бербейм! 

Сага чын жүрөгүмдөн мени менен ажырашканың үчүн рахмат айтам!”

Маалымат бул жерден алынды.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт