// //

Кыздар менен сүйлөшөйүн десем, аялым карап тургандай сезиле берет

2022.10.04, 17:55
8763

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында каза болгон аялына берген анты тууралуу айтылат. Ал эми баяндын аягынан психологдун кеңешин окуй аласыз. 

"Муздак жаздыкты кучактап жаткандан тоңо башадым"

- Кокус мени менен бир нерсе болсо башкага үйлөнбөйсүңбү?

- Сенчи?

- Өмүр бою жалгыз өтөм.

- Мен дагы.

- Сөз бересиңби?

- Ооба. Сенчи?

- Сөз берем.

Нике түндө алектенчү нерсе менен алектенбей таң атканга чейин сүйлөшүп жаттык. Сүйүү бар экенине келинчегиме жолукканда ишендим. Кээде бизге сөздүн кереги жок эле, жөн гана тиктешип отура берчүбүз. Ушунчалык бири-бирибизди сүйчүбүз, ушунчалык!

Мындай болуп кетет деп ойлогон дагы эмесмин. Пландарыбыз боюнча чогуу бир күндө, чачыбыз агарып, бетибизди бырыштар басканда ээрчишип кетмекпиз. “Сабыр кылыңыз!”. Ак халатчан дарыгер келип жонума таптады. Жашоомдун маңызы реанимацияга кирип кеткен бойдон чыккан жок.

Андан бери эки жыл өттү. Жыйырма жетиге чыктым. Муздак жаздыкты кучактап жаткандан кадимкидей тоңо баштадым. Досторумдун балдарын көрүп ата болгум келет. Бирок, келинчегиме болгон сүйүүм мурункудан дагы күчтүү. Түшүмө кирсе, кадимкидей сүйүнүп ойгоном. Адаттагыдай ашканадан чуркап келип бетимден өбөт деп күтөм. Эхх...

Үйлөнүп алсамбы дейм. Бирок нике түнүбүздө берген антымды бузгум келбейт. Ал мени асмандан карап тургандай сезиле берет. Кыздар менен таанышып сүйлөшө баштаганда өзүмдү анын астында күнөөлүү сезем. Эмне кылсам болот? Жалгыздык жанга батты. Келбей турган адамдын келишин күтүп жашагандан өткөн азап жок экен.

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Ооба, мындай сөз бар: алар өмүр бою чогуу жашап, бир күндө өлүштү. Ошентип, баарыбыз үйлөнгөн күнү - бир адамды сүйүп өмүр бою жашоону кыялданабыз! Жубайлар бир күндө, бир нече саат, күн же ай айырмаланып, кырсыктын кесепетинен же картайып каза табышат. Бирок көпчүлүгү - башкача жол менен. Ар бир никенин эки гана аягы болушу мүмкүн: ажырашуу же жесир калуу.

Сизге экинчи варианты туш келди. Тагдыр ушундай! Сиз антыңызды бузган жоксуз: өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин аны менен болдуңуз!

Андан ары жашооңузду улантуу чыккынчылык болбойт, анткени сиздин сүйүүңүз түбөлүккө эсиңизде калат, башка сүйүүгө кабылсаңыз дагы, ал эч жакка кетпейт. Жөн гана алар сонун эскерүүлөргө айланат.

Кыздар менен таанышып, жубай тандап, балалуу болуңуз! Сиз бактылуу болушуңуз керек! Күн сайын! Бардык шектенүүлөрүңүзгө “тагдыр ушундай” деп жооп бериңиз!

Мурунку аялыңыз, тагыраагы анын жаны сиз үчүн бактылуу болот, анткени ал сизди катуу сүйгөн!

Бир бөлмөнү элестетиңиз, ал жерде эсиңизде калган нерселердин баары бар: таанышуу, сүйлөшүү, үйлөнүү той, сезимдер, сүйүү, белектер, саякат ж.б. Бардыгын ошол жерге коюп, сыртка чыгыңыз. Андан кийин эшикти жабыңыз! Жаңы сезимдерге өтүңүз жана жыргап жашаңыз! Келинчегиңизди эстегиңиз келгенде, эсиңиздеги сакталган ошол бөлмөгө кириңиз. Эгер эскерүүлөр өзүнөн өзү пайда болсо, анда аларды бөлмөгө жөнөтүп, “мен бул жөнүндө ошол жактан ойлоном” деңиз.

Эч качан мурунку жубайыңыз менен башка кыздарды салыштырбаңыз! Рухуңузга жакын, дос боло ала турган ж.б.у.с. келинчек табыңыз.

Кайраттуулук менен алдыга жылыңыз - сиздин балдарыңыз төрөлүүнү каалап жатышат!

Бактылуу болуңуз!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт