// //

Кайын энеме кызмат кылып жатсам минтип оозумду ачырды

2022.10.03, 16:47
17444

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Жетимиштен ашканына карабай аябай тың. Таң эрте ойгонуп алып тырбалаңдап эле тытынып жүрөт. Келин болуп келгенден бери бир “оорудум” деген сөзүн уккан жокмун. Дасторкондо ар дайым өз колу менен жасаган сары май, сүзмө, быштак, чөбөгө, каймак сыяктуу азыктар турат. 

Бир жолу базардан келе жатканбыз. Жолдун так ортосунда таш жатыптыр. “Өткөн-кеткенге тоскоол болот”,-деп чуркап барып көтөрүп ыргытып жиберди. Жардам бергенге жетишпей калдым.

Эми жаңы келин болуп келгенде жакканга аракет кылат эмеспизби. Мен да кайын энем жумуш кылып жатса “келиңиз мен жасайын”,- деп, тажатып жанына бара берчүмүн. Бир-эки жолу берди. Кийинкисинде кадимкидей ачуусу келе баштады. Акыры сабарын түгөттүм окшойт, “мага кызмат кылганы келдиң беле”,-деп урушту. 

Байкасам алты баласы тең өзүнөн аркасынан жыйнап турушат экен. Улуу кайын агам бир топ жашка барып калганына карабай, тамак ичкенден кийин столдун үстүн сүртүп, чыныларын чайкап коет. Кайын эжелерим келгенде коноктой болуп төргө өтүшпөйт. Бирөөсү чай коюп, экинчиси тамак жасаша коет. Алыска барбайын, өзүмдүн жолдошум менсиз эле курсагын тойгузуп, кийимдерин жууп алат. Баары кайын энемдин тарбиясынан болсо керек.

“Бетимде эле бырыш болсо, “а так” мурдагыдай эле сулуумун”,-деп боорубузду эзет.

“Кудайга шүгүр колу-бутум иштейт, өзүм эле жасайм”,-деп кайын энедей болуп келиндерин жумшабайт. Кээде үйдө кылаарга иш жок, кайын энемдин жанында отура берем. Ал божурап кызыктуу ар нерселерди айтып берет.

Кыскасы, сонун кайын энем бар. Анын жанында кечке жүрүп кадимкидей оңолуп тыңып калдым. Себеби, “муну кыл, тигини кыл”,-деп тилдей бербей, жүрүм-туруму менен эле үлгү берип коет. Баарыбызга “кагылайын”,-деп кайрылат. Кучактап, өөп эркелетпейт. Бирок, ооруп калсак же бир жерибизди кокустатып алсак кайгырып жатканы билинип турат. Ишенсеңер ишенгиле, ишенбесеңер жок, кайын энем кандай болсо ошондой айттым.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт