// //

Күйөөм каза болгондон кийин кайын энем мындай деп буркуратты

2022.09.28, 17:37
10280

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Жанымда түбөлүк болосуң деп, баркыңды билбептирмин. Бир заматта сени жоготтум.

Жаркылдап жумушуна кеткен. Кечинде өзү эмес, муздак денеси келди.

Балдар менен тамак ичип отурганбыз. Абысыным кирип келип, шаштырып калды.

- Жеңе, акем бейтапканада оор абалда жатыптыр.

- Эмне дейсиң!

- Жүрүңүз батыраак.

- Кудай сактай көр! Кудай сактай көр!

Алма аарчып жаткам. Жерге бычагы менен ыргытып сыртка чуркап чыктым. Кичүү балам чаңырган боюнча калды. Жетишпедим. “Ар дайым жаныңда болом” деген күйөөм коштошпой кете берди. Бир жолу “сага рахмат” деп айтууга мүмкүнчүлүк бербеди.

Кучактагым келет. Чоң курсагына башымды коюп жаткым келет. Жөнү жок урушкум келет. Тамашаларын уккум келет. Тамак жасап бергим келет.

Машинасын башкара албай, жол четиндеги столбаны сүзүптүр. Тез жардам менен баратканда сүйлөп жаткан дешет. Бейтапканага жеткенде үзүлүптүр.

Апамдар каза болгон жерине барып куран окуп келишти. А мен жадакалса мүрзөсүнө бара элекмин. Мени кечир алтыным, учурда ушунчалык алсызмын.

Мени кайын-журтумдун колдоосу сактап калды. Кайын энем күйпөлөктөп жаныман чыкпайт. Оорусам шорпо жасап, ыйласам жүз аарчысы менен көз жашымды сүртөт. Болбосо, күйүтү меникинен күчтүү.

Балдарымдын үчөө тең кичинекей. Улуусу болгону беш жашта. “Атам качан келет?” -деп, жарама туз себишет. Муну кайын атам түшүнүп, балдарды алып бир жумага кайын агамдыкына кеткен.

Убакыт өтө берди. Мурда күйөөсү каза болгон келиндерден, “кайын-журтум эртеси эле кууп чыкты” деген сөздөрдү угуп калчумун. Коркуп жүрдүм.

- Апа, мен кетейин.

- Кайда барасың балам?

- Билбейм. Эми Жайнак (каармандын аты өзгөртүлдү) жок, менин бул үйгө...

- Кой балам, андай кебиңди токтот. Уулум сени алып келип ушул үйгө бүлө кылган. Ата-энеңдин алдында сага кам көрөбүз деп сөз бергенбиз. Биз атаң экөөбүз сени өз кызыбыздай көрөбүз. Жаратыбыз бир. Кантип ушундай абалда сени, балдарды таштап коймок элек. Кызым, бул күндөр да өтөт. Биз сени мененбиз.  

- Апа...

Кучактап буркурап ыйладым. Көп өтпөй кайын агам менен кайын эжем келди. Балдарымды окутуп, атасы жок экенин сездирбейбиз деп убада беришти.

Бул жылы уулу баламды өз балдарына кошуп жеке мектепке киргизишти. Кийим кечелерин алып беришти. Кичүүлөрүн жайкысын лагерге алып барышты. Кайын агам болсо үйдүн алдына чакан дүкөн ачып берди. Соода кыла баштадым.

Мени оор күндөрдө таштабай, көңүлүмдү карап, уулдарымды эркелетип, жаңы жашоо баштаганга мүмкүнчүлүк берген кайын-журтума, ушул үйгө бүлө кылган күйөөмө чексиз ыраазымын. 

Кечээ кайын атам менен кайын энеме кошулуп мүрзөгө барып куран окуп келдик. Экөө эки колумдан кармап турушту. Өзүмдү ушунчалык күчтүү сездим.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт