// //

Үйдү башка аял жыйнай баштагандан бери келинчегим экөөбүз урушпай калдык

2022.09.28, 11:47
15079

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

- Жардам берем дебедиң беле?

- "Давай" эртең, э?

- Ар дайым ушинте бересиң...

- Баштабачы!

Болбогон эле нерселер үчун уруша баштадык. кир терезе, кир идиш-аяк, кир шып, кир кийим, кир шкаф ж.б.

Кыз-жигит кездеги жеңилдик кайдадыр кача баштады. Мурда чоң пландар, саякаттар жөнүндө сүйлөшчүбүз. Азыр болсо, көр турмуш бизди өзүнө алып баратат. Сен бүгүн үй жыйнайсың, мен бүгүн идиш жууйм, айтор, биздин уруштун баары "бытовуха". 

Баш кошконубузга бир жыл боло элек. Бөлүнгөнүбүзгө андан аз. Мына, эми саякаттайбыз, жыргап жашайбыз деп ойлогом. Үйгө келсем жумуштан башы чыкпаган келинчегим, маанайы жок келинчегим, чарчаган келинчегим, нервденген келинчегим.

Тажап кеттим! Мен аялым менен эки жакка барам, мындай кылам, тигиндей кылам, бул пландарды ишке ашырам, экөөбүз жетелешип жүрөбүз деген ой менен үйлөнгөм. А менин аялымдын жумуштан колу бошобойт.

- Алло!

- Клининг компаниясы сизди угуп жатат.

- Буйрутма берейин дегем, генералдык үй тазалоо канча сом болот?

- Чарчы метрине жараша болот, болжол менен 2000-3000 сом.

- Сонун. Адресимди жазып алыңыз.

Эки эже келди. Аялым булар ким деди. Клининг компаниясы экенин айтып, мындан ары ушулардын кызматын колдонобуз дедим. Таңкалып турду. Анан киного алып жөнөдүм.

Чын, жашоо өзгөрдү. Болбогон нерсе үчүн эле нерв боло бериппиз. Менимче уруштун баары ошол "бытовухадан" болот. Жакшысы, үй жыйноо дегенди ушундай ишканаларга берип, өзүбүз чоң пландарды ашырууну чечтик. Бул биздин чечим болду.

Келинчегим да өзгөрдү. Ал мен каалагандай, жанымда. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт