// //

Атам апамдын сүйгөнүн издегенин айтып берип ыйлатты

2022.09.27, 17:29
6359

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Бул катты жазуу мен үчүн оор, ошол эле убакта мени жеңилдете турчу бир ыкма... Атаман айрылганыбызга бүгүн туптуура үч ай болду. Атам мыкты ата болду. А мен кандай ата болдум экен? Бирок, мыкты күйөө боло албады. А мен кандай күйөө болдум экен?

Апамды ала качып алганын бой жеткенде билдик. Маани деле берген эмеспиз. Эми ал кезде, баары эле ушинтип баш кошушкан деп ойлоп койгонбуз. Бирок, биз апамдын жүрөгүн ойлобоппуз.

Атам менен апам мыкты ата-эне болушту. Бирок, мен экөөнүн ортосундагы чоң сүйүүнү сезе алган эмесмин. Экөө мени жетелеп баратканда, ортосундагы муздактык мени үшүтүп жиберчү. Бала эч нерсе сезбейт деп ойлобогула. Бала баарын сезет. Атасы менен апасы бири-бирин сүйбөй турганын биринчи кезекте сезет. 

Экөө бири-бирине сый менен мамиле кылышчу. Бир да жолу урушканын көрбөдүм. Бирок, бир нерсе жетишчү эмес.

Апамды ала качып алыптыр. Ал учурда апам башка менен сүйлөшчү экен. Билишимче, жигити алып кеткени келгенде таятам апама тандоо койгон. Апам байкуш ата-энесин кыя албай, отуруп калат. Атам сүйүнөт. Апам ыйлайт.

Атам көп жыл ооруду. Апам жанынан чыкпай, дарыгерлерге ташып жүрдү. "Мени кечирип кой" атам ар дайыма апама ошентет эле. Апам баары жакшы дегени менен, көздөрү башкача муңдуу эле. Апам атамды ушунчалык сыйлайт, бирок сүйбөйт.

Мен үйлөнгөндө атам кыз мени сүйөбү сурады. Ооба, дегеден кийин гана бата берди. 

"Мен алсыздык кылдым. Апаңардын сүйүүсүн буздум. Билип туруп, апаңардын каршы болгонуна карабай мажбурлап никеге турдум. Өкүнөм, уулум. Бирок жол жок болчу. Жыл өткөн сайын бул менен жашоо оор болду. Апаңар мени сүйө албай койду, сүйдүрө албай койдум. Бир убактарда ал жигитти издеп көрдүм. Кайтыш болуп кетиптир. Эгер тирүү болсо, башы бош болсо, баарын оңдойт элем." Атам мага ушинтип айтты. Эч кимге айтпа деди. Айтпадым. 

Бул нерсе мага чоң сабак болду. Сүйбөгөн адамды мажбурлап жашоо туура эмес экенин билдим. Бир келген өмүрүн өкүнүү менен өткөргөн ата-энемди көрүп башкача бүлө курам дедим. Балдарымдын кыйналбашын кааладым. Жар тандап жатканда буларды эске алдым. 

Апама боорум ооруйт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт