// //

Каталарыңызды моюнга алгандан коркпоңуз! Калича Малабековадан 7 кеңеш

2022.08.22, 11:04
2094

Салам достор! Бүгүн биз силерге сонун адамдын кеңештерин сунуштайбыз. Ал ким десеңиз, кеп Калича Малабекова жөнүндө. Калича эл аралык IT компанияларда проект менеджер болуп эмгектенет. Бош убактысында долбоорлорду башкарууну үйрөтөт, барабанда ойнойт жана робототехника менен алектенет. Бүгүн ал лидер болгусу келген окурмандарга өз тажрыйбасына таянып, кеңештерди берет. 

Эмоцияңызды башкара билиңиз

Алгач өзүңүздүн эмоцияларыңызды изилдөөдөн башташыңыз керек. Алты ай бою, күн сайын эмоцияларыңызды жазууга аракет кылыңыз. Ошондо өзүңүздү жакшыраак түшүнө баштайсыз. Бара-бара убакыттын өтүшү менен эмоцияларды башкарууга өтөсүз.

Айланаңыздагы адамдарды угуңуз жана түшүнүңүз

Көп учурда адамдар аларды жөн гана угуп коюуну каалашат. Камкор лидер болуңуз, элди угуңуз, аларга кам көрүп жатканыңызды көрсөтүңүз. 

Маңыздуу суроолорду бериңиз

Бир адамдын көйгөйүн уктуңузбу? Эми кайра ага минтип суроо бериңиз: Бул көйгөйүңдү кантип чечсе болот деп ойлойсуң? Бирөөнүн көйгөйүн чечип бербеңиз, тескерисинче өздөрүнө көйгөйлөрүн чечүүнү үйрөтүңүз.

"Эмне болуп жатат?" деген суроо бериңиз

Көбүнчө бир адам эмне үчүн өзүн минтип алып жүргөнүн түшүнбөй калган учурлар болот. Өзүңүзгө эмне болуп жатат деген суроо бериңиз. Баары чындап эле сиз ойлогондой болуп жатабы? Балким сиз дагы билбеген нерсе бар?

Ар бир адамдын өзүнүн чындыгы бар

Ар бир адамдын кырдаалга карата өз көз карашы бар экенин дароо түшүнүңүз. Адамдар көп нерсеге ар кандай көз караш менен карашат, атүгүл бир эле жагдайга дагы. Сабырдуу болуңуз. 

Болуп жаткан абалга балкондон көз жүгүртүңүз

Болуп жаткан бүт кырдаал бий аянтчасы экенин элестетиңиз, сиз экинчи кабатта туруп, кеченин бардык катышуучуларына көз жүгүртүп жатасыз. Ал жерден баарын көрүп турасыз: жыргагандарды, кетип бараткандарды, эптеп эле бийлегендерди ж.б. Кырдаалды "башка бурчтан" караңыз, ошондо аны жакшылап түшүнүп, чечим кабыл алуу оңой болот.

Ката кетирүүнү жана жаңылганды моюнга алуудан коркпоңуз

Лидерликтеги эң негизгиси нерсе  – каталарды моюнга алуу жана жыйынтык чыгаруу. Ката кетирүүдөн коркпоңуз жана мүмкүн болушунча көбүрөөк сабак алганга  үйрөнүңүз.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Швейцарияда окуп жаткан мекендешибиз мотивациялык кат жазуу боюнча айтып берди

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт