// //

17 жыл жашаган аялыма эми чыныгы сүйүүмдү деп айтып ыйладым

2022.08.17, 10:18
10397

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 


Мен диванда отурам. Ал терезенин жанында турат. Сыртта ай жапжарык. Көзүм кыпкызыл. Ананчы бир сааттай ыйладым. Аялымдын жообун күтүп турам.

Көр турмуштун куурчагына айландык. Сүйлөшкөндөрүбүз балдардын оорусу же богу. Кучакташуу, өбүшү дегенди унуттук. Чын айтайын, жыныстык катнашты деле унуттук.

Карыздарды төлөп жүрүп жаштык кетти. Урушуп жаман сөздөрдү айтып жатып сый кетти.

Мен сүйүүгө кабылдым. Кайрадан могу жүрөк сого баштады. Баары капыстан башталды. 17 жыл жашаган аялыма кантип айтам.

Күлкүсү сонун эле. Бетиндеги уячасы сонун эле. Карап эле отургум келет. 17 жыл жашаган аялыма кантип айтам.

Мен ага капыстан жолуктум. Камазымды оңдоп отургам. Алты жашар балам апасы берген жугундуну итке куйганы бараткан. Бир маалда чалынып, бүт жугундуну үстүнө төктү. Кастрюлдун катуу үнүнөн чочуган аялым сыртка чуркап чыкты. Мен дагы балама чуркап бара калдым. Аялым каткыра баштады. Балам дагы күлүп жатты, мен аялымдв карап катып калдым.

Мен бир кезде сүйгөн кыз. Мына! Мына баягы мен унуткан күлкү. Аялым баламды тургузуп жатып боору эзилип калды. Мен аны карап тура бердим. Мынча сулуу. Мен аны сүйүп калдым.

- Мен сени сүйүп калдым. Чын. Кайрадан сүйүп калдым. Мени кечир, сага кам көрбөдүм. Сени сөктүм. Ажарыңды, эң негизгиси күлкүңдү качырдым. Мени кечир. Мен сени кайрадан сүйүп калдым. Сага кайрадан кам көргүм келет. Сулуу кылгым келет. Жүр, бир айга тоого кетип калабыз. Экөөбүз эле. Балдарды апабызга таштап коебуз. Жүр кайра өзүбүз үчүн жашаганды үйрөнөбүз. Мен тажадым. Окшош күндөрдөн, таш жүрөк болуп жүргөндөн тажадым. Ооба дечи.

Аялым ыйлады. Аябай ыйлады. Мен дагы ыйладым. Унчукпады.

“Эртең кете береличи.” Башымды көтөрсөм мени күлүп карап туруптур.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт