// //

Мүнөзүн өзгөрткүсү келгендерге 8 кеңеш

2022.08.11, 15:00
1834

Мүнөздү өзгөртсө болобу? Бул көпчүлүктү кызыктырган суроо. Эгерде кеп башка адам жөнүндө болсо, анда анын макулдугусуз мүнөздү өзгөртүү дээрлик мүмкүн эмес. Ал эми өзүбүз өзгөрткүбүз келсе, албетте, болот. Эң башкысы – аракет. Бул тууралуу психолог Нуриза Батырбекова менен маектештик. Түз эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз.

  • Кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн мурун, өзүңүздү, жүрүм -турумуңузду жана курчап турган айлана-чөйрөңүздү жакшылап анализдеп чыгыңыз. Кайсы мүнөзүңүздү өзгөрткүңүз келет аныктаңыз.
  • Негизинен бардык нерсенин терс жана оң тарабы болот. Биз болсо жаман тарабын гана байкаганга көнүп калганбыз. Мисалы, көк беттикти алалы. Бул мүнөздүн жакшы тарабы – максатка жетүүгө керек болгон эң негизги сапаттардын бири. Сиз дагы эки тарабын көргөнгө умтулуңуз.
  • Жакшы жана жаман деген мүнөз жок. Баардык нерсени өзүңүз гана белгилейсиз. Мисалы, бул мүнөзүм кайсы учурда пайда алып келет, ал эми кайсы учурда зыянга учуратат дегендей анализ жүргүзүңүз. Кийин анын жыйынтыгына карата иш алып барыңыз.
  • Мүнөздү өзгөртүүдөн мурун жоопкерчилик алганды үйрөнүңүз. Себеби өзүңө жоопкерчилик алганга караганда бирөөлөрдү күнөөлөгөн оңой. Бирок, бул нерсе жакшы жыйынтыкка алып барбайт.

Ар бир адам өз жашоосун өзгөрткөнгө күчү жетет экенин унутпаңыз. Болгону талыкпай аракет кылуу керек.

  • Дароо чоң нерседен баштоонун кереги жок. Алгач максат коюңуз, аларды майда бөлүктөргө бөлүңүз. Эң негизгиси туруктуулук экенин билиңиз.
  • Алгач өзүңүзгө-өзүңүз суроо берүүдөн баштаңыз. Кайсы мүнөзүңүздү өзгөртүү керектигин чечиңиз жана эмне үчүн экенин аныктаңыз? Эмне үчүн күрөшүп жатканыңызды так билип алсаңыз, өзүңүзгө бир топ жеңил болот.
  • Жаңы нерсени үйрөнгөн сайын мүнөзүңүздү калыптандырасыз. Бул принципти жеке жашооңузда жана ишиңизде колдонуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Ар дайым алдыга умтулуңуз.
  • Өзүңүздү колдоп, дем берүүнү унутпаңыз. Кичинекей ийгилик болсо дагы өзүңүздү мактаңыз, өзүңүзгө комплименттерди айтып, сыйлык бериңиз, мисалы, татуу алып жеп же бир буюм сатып алы дегендей. Бул сиз каалаган натыйжага тезирээк жетүүгө жардам берет.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт