// //

Балаңыз кантип пайда болгонун сураса, мындай деп жооп бериңиз

2022.07.27, 17:56
1794

Балдар кайдан пайда болот деген темага качан жана кантип сүйлөшүү керек? Бул тууралуу Bilesinbi.kg’ге балдар психологу Асел Суюнбаева айтып берди.

Алгач адамдын анатомиясы тууралуу окуңуз

Ар бир адам балалуу болгондо бул темага баласы менен сүйлөшө турганын билиши керек жана алдын ала даярданышы керек. Ал эми 4-5 жаштагы балдарыңыз бар болсо, демек жакын арада бул суроону сизге берет.

Суроолорго туура жана түшүнүктүу жооп берүү үчүн өзүңүздүн түшүнүгүңөр кеңири болууга тийиш. Азыркы күнгө чейин жыныс органдарынын түзүлүшүн билбеген жана аны билүүнүн өзү уят деп эсептеген ата-энелер бар.

Жыныс органдар уят эмес. Адамдын колу, буту, көзү же кулагы сымал эле анын бир бөлүгү. Жыныс органдарынын түзүлүшүн, функциясын билип алыңыз. Адамдын анатомиясы тууралуу көбүрөөк маалымат окуңуз.

3 жаштан баштап балдар өзүнүн жынысын айырмалап баштайт. Кичинекей кыздар “эмне үчүн менде жок?” же балдар “мунуку кайда?” – деген суроолорду бере башташат.

“Сен кызсың, сен башкачасың, ал эркек бала, анын чочосу башкача” – деп жооп берүү керек.

Суроону уккандан кийин эмнелерди кылууга болбойт?

  • чоочубагыла
  • ачууланбагыла
  • урушпагыла
  • уялбагыла
  • укмаксанга салбагыла

Балдарга секстин өзү кызык эмес. Алар: “Мен кантип төрөлдүм?” же “Мен кайдан пайда болдум?” – деген суроолорго жооп алгысы келет. Бул нормалдуу кызыгуу. Анын эч кандай уяты жана уруша турган жайы жок. 

Учурдан пайдаланып, суроосуна жөнөкөй сөздөр менен жооп бериңиз. Эгер анын кызыгуусун канаатандырбасаңыз ал жоопту кинолордон же өзүнүн тең туштарынан табат. Бирок ал маалымат канчалык деңгээлде туура берилет, белгисиз.

Эмне деп жооп берүү керек?

3-5 жаштагы балдар көбүнчө “Мен кантип төрөлдүм?”, “Мен каяктан чыктым?” – деп сурашат. “Менин курсагыман. Сен аябай кичинекей болчусуң, мен сени ичиме салып алып көтөрүп жүрдүм” – деп жооп берүү жетиштүү болот.

Андан чоңураак 5-6 жаштагы балдар “Мен кантип курсактан чыктым? – деп кызыгышат. “Аялдардын ичинин ылдый жагында кичинекей тешик бар. Бала төрөлгөндө тешик чоңоет, анан бала төрөлөт” – десеңиз болот.

“Кана көрсөтчү!” – десе. “Жок. Андай нерселерди башкаларга көрсөткөн болбойт. Сен дагы чочосун башкаларга көрсөтпө” – деп айтыңыз.

Кийинки суроо “Мен сиздин ичиңизге кантип кирдим?”. Мындай суроолорду 7-8 жаш курактагы балдар беришет. “Апасы менен атасы бирин бири жакшы көрүп кучакташканда, атасынын уругу апасынын курсагына түшүп калат. Анан ал бала болуп чоңоет”.

11-12 жаштагы өспүрүм балдарга аялдын жана эркектин физиологиясын айтып берип, кадимки терминдер менен түшүндүрүп берүү зарыл. Сатыкта түрдүү китептер жана энциклопедиялар бар. Алардын жардамы менен түшүндүрүү кыйла жеңил болот.

Ашыкча деталдарды айтып бербегиле

Баланын психикасын аягыла. Секс жана төрөт тууралуу ашыкча деталдарды айтып берүүнүн зарылчылыгы жок. Аябай ооруду, төрөп жатып кыйналдым, доктур орой мамиле кылды, боюман алдыртып салайын дегем, кыз болсо “уул күткөм” же тескерисинче “кыз болсо экен деп тилегем” деген сыяктуу маалымат керек эмес.

Калп айтпаңыз

Багып алгам, огороддон таап алгам, базардан сатып алгам жана башка ушундай сыяктуу сөздөрдү айтып калп айтуунун кереги жок. Ата-эне бала үчүн эң ишенимдүү адамдар, алардын ар бир сөзүн сиңирип, акыл-эсине сактап калат. Калп айтканыңызды кийин билсе, анын алдында аброюңуз түшөт. Ишеними жоголот.

Дагы бир көңүл бөлүүчү жагдай 7,8,9 жаштагы бала мындай суроолорду берсе, демек ал бирөөдөн бир нерсе укту же көрдү.  Алган маалыматы канчалык деңгээлде анык экенин текшерип жатат.

Балаңыз сиз үчүн бакыт экенин айтыңыз

Балаңызды күткөнүңүздү, сиз үчүн кымбат белек экенин сөзсүз айтыңыз. “Сен төрөлгөндө мен аябай кубангам. Элдин баарына сүйүнчүлөгөм” – десеңиз, балаңызды бактылуу кыласыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт