// //

Бул 7 кеңеш кесип тандоого жардам берет

2022.06.15, 15:39
1225

Биз жашообуздун көпчүлүк убактысын жумушубузда өткөрөбүз. Ошондуктан кесипти туура тандоо абдан маанилүү маселе. Бул тууралуу Bilesinbi.kg’ге психолог Алла Клевакова айтып берди.

Колуңарга бир дептер жана калем даярдап алыңыз.

  1. Алгач кайсы ишти жасагандан ырахат алам? - деп өзүңүзгө суроо берип ойлонуп көрүңүз. Эгер акча таап, өзүмдү, ата-энемди, үй-бүлөмдү каржылоого милдеттүү эмес болсом, кайсы ишти тандамакмын? Кайсы ишти акы төлөнбөсо деле тажабай күндө жасай бермекмин?
  2. Бала чагыңызга кайрылыңыз. Кичинеңизде кайсы оюндарды ойночу элеңер? Мектеп ойноп башкаларды окуткан жакчу беле, же сүрөт тартканды жакшы көрчү белеңер, же элдерди чогултуп, көчөгө концерт уюштурчу белеңер? Балким малга же жерге жакын болчусуңар.  
  3. Кандай чөйрөдө болгум келет? Менин жанымда кимдердин болушун каалайм? Мисалы: ак халатчан доктурлар, музыканттар, форма кийген аскерлер, кичинекей балдар, жаныбарлар, балким сизди техника же машиналар курчап турганын элестеттиңиз.
  4. Мен эмне жасап жатам? Жасаган иштин жыйынтыгына эмес, ошол процесстин өзүнөн ырахат аламбы? Мисалы, көпчүлүк атактуу ырчы болгусу келет жана бул кесиптин жыйынтыгын гана элестетишет. Сахнада микрофон кармап ырдап жатканын, элдин дүркүрөтүп кол чапканын, абройлуу гезитке же каналга интервью бергенин ж.б. Бирок бул натыйжа гана.
  5. Азыр кандай жөндөмдөргө ээмин? Тез тил табышам, тамакты мыкты жасайм, түймө түйөм, футболду кыйын ойнойм, математика эсептерин жакшы чыгарам ж.б.
  6. Мен кандай кесиптин ээси боло алам? – деген суроону бир нече кишиге бериңиз. Мисалы ата-энеңизден, мугалимдериңизден, досторуңуздан, ага-эжелериңизден ж.б. сураңыз. Алардын жоопторун жазып алып, анализдеп көрүңүз.

Колуман келеби? Чын дилимен каалап турамбы? Эгер сиз ушул суроолорго “ооба” деп жооп берсеңиз, демек туура чечим кабыл алдыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт