// //

Келинчегим менен апамдын ортосунда кыйналып кеттим. Эмне кылсам болот?

2022.05.26, 13:07
9403

Саламатсызбы! Мен сиздерге жазып жатканымдын себеби, өзүмдүн бугумду чыгарып алайын дедим эле. Мен бир үйдүн жалгыз баласымын. Келинчегим апамды жаман көрөт. Апам байкушум жүрөгү оорукчан. Мен апам менен келинчегимдин ортосунда абдан кыйналып кеттим. Эми болсо келинчегим бөлүнүп жашайлы деп ультиматум коюп жатат. Эмне кылсам үй-бүлөм бузулбайт? Алдын ала рахмат сиздерге.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.05.2022, 13:14

Зарина Усупова

Психолог

Саламатсызбы! 

Сурооңуздан апаңыз менен келинчегиниздин ортосунда калып, үй-бүлөңүздү сактоо аракетинде экениңизди түшүндүм. Келинчегиңиз апаңызды жаман көргөнү жеке чек аранын бузулушунан кабар берет. Апаңыз ага эмне дейт же эмне кылат?
Апаңызда балким кызгануу, таймашуу, келген келинден үй-бүлөнүн буга чейинки түптөлгөн түшүнүктөрү бузуулуу коркунучу бар.

Келинчегиңиздин талабы боюнча бөлүнүү же ажырашуу деп эки гана жолду белгилеп, манипуляцияга өткөнү өкүнүчтүү.

Негизи мындай үч бурчтукта ачык-айкын, тегерек стол үстүндө сүйлөшүүнүн жүрүүсү жакшы натыйжа берет. Булардын ортосунда көпүрө болгон адам, жаш бала позициясынан чыгып, чоң адам катары өзүнүн сөзү, үнү, аны уга тургандай даражада болушу абзел. Ал эки тарапты бирдей угуп, карап баарына ыңгайлуу жаңы жоболорду түзүүгө жоопкерчиликти алуусу керек. Бул учурда үй-бүлөнү сактап калуу мүмкүнчүлүгү чоң болушу мүмкүн.

Үй-бүлө күтүү, аны сактап калуу чоң жумуш, ал сиздин колуңуздан келет деп ишенем.

Зарина Усупова менен инстаграмдагы @zarina.psYholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт