// //

Кыялыңыз орундалсын десеңиз, бул ыкманы колдонуңуз

2022.05.25, 15:12
2948

Бирок, жөн гана кыялдануу жетишсиз, туура кыялдануу керек. Кантип туура кыялданам? – деп ойлонуп жатсаңыз, психолог Мария Самсонованын кеңештерин окуп көрүңүз.

Сиздин кыялдарыңыз жана тилектериңиз ички каршылыкка туш болбосо тез жана жеңил орундалат. Эгер сиздин энергия түрдүү психологиялык тоскоолдоктарга чалынып-чалдыкпаса, ал эч бир кыйынчылыксыз ишке ашат.

Мисалы, айрымдар көп жыл сүйгөнүн, өмүрлүк жарын тапкысы келет, бирок жоопкерчиликтен коркот. Тез арада байыгысы келет, бирок ал үчүн тишелеүү аракет кылбайт. Билим деңгээлин көтөрбөйт, изденбейт, иштебейт.  Же болбсо тагдыр өзү колуна алып келген мүмкүнчүлүктү, шансты пайдаланууга эрдиги жетпейт.

Өзүңүздүн акыл-эсиңизге өзгөрүүлөргө жана кыялыңыздын орундалышына даяр экениңизди көрсөтүңүз.

Ал үчүн таза барак алып кыялдарыңызды жазыңыз.

  1. Сиздин кыял сизге байланыштуу болууга тийиш. “Күйөөм көбүрөөк акча тапса экен” – деген жарабайт. Өзүңүзгө тиешелүү болсун, мисалы: “Менин финансылык абалым 20, 50, 100 миң сомго жакшырса экен...”
  2. Кыялдануу демек, алдыга койюлган максатка жетүүнү пландаштыруу. Бүгүнкү күндө жетүүгө реалдуу болгон максаттарды коюу керек. Мисалы, учурдагы айлыгыңыз 10 000 сом болсо, кийинки айдан баштап миллион сом тапсам экен, дешке болбойт.
  3. Сиздин кыялыңыз оң маанайда болсун. Мисалы: “Мен кедей болгум келбейт” эмес, тескрисинче, “Мен бай болгум келет”. Же болбосо “Мен оорубасам экен” эмес “Ден соолугум чың болсо экен” – деп тиленүү керек.
  4. Кандай коркуулар жана санаркоолор сиз көздөп жаткан макасатка жетүүго тоскоол болуп турат? Жакшылап ойлонуп, анализлдеп, аларды жок кылганга аракет кылыңыз.
  5. Кайсы сапаттарыңыз алдыга койгон максатка жетүүгө өбөлгө болот? Санап чыгыңыз.
  6. Кыялыңызга жетүүгө татыктуусузбу? Эмнеге? Жазыңыз.
  7. Сиздин кыялыңыз, жашоодогу башка баалуулуктарыңызга карама-каршы келбейби?
  8. Кыялыңыз орундалгандан кийин жашооңуз кандайча өзгөрөт? Күнүмдүк жашооңуз кандайча өтөт? Элестетип көрүңүз.
  9. Кыялыңызды орундатууну эмнеден баштайсыз? Биринчи кадамдарыңыз кандай болот? Так план, жана аны аткаруунун графигин, күндөрүн, даталарын, мүмкүн болсо убактысын жазып, пландаштырыңыз.
  10. Өзүңүздүн кыялыңыз жөнүндө ойлогондо кандай сезимдер сизди каптайт? Эгер терс эмоциялар жаралып жатса, демек бул сиздин кыялыңыз эмес. Анда бул тизмектеги биринчи пунтка кайтып келип, кайра башынан баштаңыз.

Бир нече жолу кайра башынан жазып көрүңүз. Акыркы 10 пунтка келгенде, өзүңүзду бактылуу сезип, азыр эле жасап жиберчүдөй болуп, баштагыча чыдамыңыз кетип, ууртуңузда жылмаю пайда болуп, ичиңизде көпөлөктөр учкандай сезим жаралса, демек кыялыңызды туура тандагансыз. Аракет кылсаңыз ал сөзсүз орундалат!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт