// //

Жолдошум аябай эрке экен. Эми эмне кылам?

2022.05.25, 13:09
3511

Саламатсызбы. Биз кайын эне, кайын атамдар менен турабыз. Жолдошум аябай эрке өскөн, өз алдынча эч нерсе чече албаган, жасай албаган бала экен. Ата-энеси азыр деле аны кичинекей баладай көрүп сүйлөшөт. Эми алар мага да ошондой мамиле кыла башташты, кие турган кийимимен өйдө айтып турушат. Аларга кандай мамиле жасашым керек? Келечегибиз кандай болот, деп корком.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.05.2022, 13:09

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатчылык. Сиз абдан аз маалымат бергенсиз, ошондуктан бул кандай үй-бүлө экени мен үчүн түшүнүксүз. Эгер сизге мындай мамиле жакпаса, жайдары эле “Мага кам көргөнүңуз үчүн рахмат, бирок мен өзүм эле чечем” десеңиз болот.

Ал эми кайын журтуңуз салтты бекем кармаган, келин унчукпай кызмат кылат, деген үй-бүлөлөрдөн болсо, анда айткандарын угуп, бирок жүрөгүңүзгө жакын кабыл албай, койгонго аракет кылыңыз. Өзүңүз туура көргөндөй жасай бериңиз.

Мени ойлондурганы, сиз болочок күйөөңүз менен сүйлөшүп жүргөндө анын мүнөзүн байкаган эмес белеңиз? Же маани берген жоксузбу? Кайсы сапаттарын жактырдыңыз?

Өзүңүзгө суроо бериңиз: Мен мындай мамилени кабыл алууга жана мындай жашоого канчалык деңгээлде даярмын?

Жолдошуңуздун үй-бүлөсү, алардын ич ара мамилеси көп жылдан бери калыптанып калган, сиз ал көрүнүшту эч качан өзгөртө албайсыз. Чыдамым жетет, күйөөмдү сүйөөм, ал мен үчүн кымбат, мен анын жанында бактылуумун, десеңиз, анда түзүлгөн шартка ыкташып, жолун таап кеткенге аракет кылыңыз.

Бактылуу болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт