// //

Сүйлөгөндө “аа, ммм, ыыы, неме, ошо” дей берем. Эмне кылсам болот?

2022.05.24, 10:31
1448

Саламатсызбы! Мен бирөө менен сүйлөшкөндө оюмду толук жеткире албайм. Сөзүмдүн арасына “аа, ммм, ыыы, неме, ошо” дей берем. Ошенткеним такыр жакпайт. Кыска айтам деп сөздү көбөйтүп салам. Шашканда айта турган сөзүмдү унутуп калам. Кантип кутулсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.05.2022, 10:32

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык. “Мени угуп жаткан мен жөнүндө кандай ойдо калат?” деген коркуу сезими, сизди шашкалактап, жаңылууга түртүп жатат. Натыйжасында, ого бетер санааркап, көңүлүңүздү бир жерге топтой албай калуудасыз.

Ошондуктан, шашпаңыз.

Менин рекомендациям кызыктай көрүнүшү мүмкүн, бирок бул чынында иштейт.

Бардыгын тескери жасоо керек!

  1. Шашпаңыз.
  2. Өзүңүзгө жаңылууга, такалууга уруксат бериңиз.
  3. Өзүңүздү-өзүңүз жемелебеңиз, урушпаңыз.

Мындай эксперимент жасап көрсөңүз болот, ишенген, жакын адамыңызды сизди угуп туруусун сураныңыз. Сөздөрдү созуп, жай сүйлөп, атайылап болушунча такалыңыз.

Мында, адашып, жаңылсаңыз деле коркунучтуу эч нерсе болбогонун байкайсыз, бул гипперконтролду жана негизсиз санаркоону төмөндөтүүгө жардам берет.

Ал эми маселени профессионалдык деңгээлде чечкиңиз келсе тиешелүү адистерге кайрылып, терапия алууну сунуштайм.

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт