// //

Мен "духу" жок жигитмин. Эмне кылсам болот?

2022.05.23, 12:05
1698

Саламатсызбы! Менин суроомо да жооп алып бериңизчи. Менде дух жок. Мисалы кээ бир балдар менен тартыша кетсем, тез эле духум түшүп калат. Спорт менен машыгам, күчүм деле бар. Эмне кылсам эр жүрөк боло алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.05.2022, 12:05

Виктория Исакова

Психолог

Духту өнүктүрүү үчүн күчтүү мотивация керек. Жүйөлүү себеп болмоюн алдыга жылуу кыйын болуп калат. Ошондуктан алгач алдыга максат коюп алыңыз.

Кандай максат коесуз, эмне үчүн ага жеткиңиз келет? - деген суроолорго жоопту кагазга жазыңыз. Бул чакан процедура өзүңүздү түшүнүүгө жана кандай багытта өнүгүү керек экенин түшүнүүгө жардам берет. Башкы көйгөлөрүңүз даана көрүнөт. Ар бир кадамыңызды ойлонуңуз. Кийин бардыгын ирети менен ишке ашырыңыз. Башкы максатыңыз эмне экенин күндө ичиңизден кайталаңыз.

Спорт духту мыкты тарбиялайт. Негизги артыкчылыгы - колуман келбей калды, алым кетти, денем ооруп жатат, дегендерге карабастан коюлган максатка жетүүнү талап кылат. Балким спортко болгон мамилеңизди өзгөртүү керек? Бардык тармакта туруктуулук, система жана олутту мамиле талап кылынат эмеспи.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт