// //

Кызымдын аты күйөөмдүн мурунку сүйгөнүкү экенин билип калдым

2022.05.21, 19:33
11753

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү. 

Кайын эжем экөөбүз ичеги-карын жууп отурганбыз. Жаныма кызым келип жүдөтө баштады. “Канайым, тур тиги жакка ойно, кийимиң булганат”.

- Аты эле укмуш.

- Бекен көшөрүп жатып койгон.

- Эски сүйүүсүн эстеп кеткен го.

- Сүйүүсүн? Түшүнбөдүм?

- Студент кезинде Канайым деген кызды катуу сүйгөн. Бирок, ата-энеси кызын Бекенге бербей, башкага узатып жиберишкен. Анан сени алды.

Үстүмөн бирөө муздак суу куйгандай эле катып калдым. Заманбап аттарды көргөзсөм жактырбай, “ушуну эле коем” дегенине таң калгам. Бирок, жаман оюм жок, макул болгом. Көрсө, кептин баары бул жакта турбайбы! Демек, сүйгөнүн дале унута элек экен да!

Андан бери бир ай өттү. Уйку жок, ар нерсени ойлой берип башым ооручу болду. Атын алмаштырайын десем, күйөөм менен кызым макул болбой жатышат. Бекен менен күн сайын урушабыз. Аны көргүм келбей калды. Бул мен үчүн чыккынчылыкка барабар. Акыркы үч күндөн бери сүйлөшө элекпиз. Кантип бул оор жүк менен жашайм?

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Кайын эженин узун тили деген ушул! Эмнеге ал сизге муну айтты, ойлонгон жоксузбу? Үй-бүлөңүздө баары жакшы беле? Кайын эжеңиздикичи? Балким, таарынычы бар? Ушунча жылдан бери унчукпай жүрүп, эми максатына жетти: учурда үй-бүлөңүздө баары жаман. Анын жетегине баш ийбеңиз жана үй-бүлөңүздү кыйратууга эч кимге жол бербеңиз!

Кызыңызга кайын энеңиздин, кайын эжениздин атын да кое алмаксыз, анан ар бир уруштан кийин атын өзгөртүү керекпи? Кызыңызды жайына коюңуз! Ар бир адамдын биринчи сүйүүсү болгон, анын атын кызына да, уулунуна да койсо болот!

Биринчи сүйүүңүздүн атын уулуңузга койсоңуз эмне болмок? Үй-бүлөңүздө бир нерсе өзгөрмөк беле? Ар дайым өзүңдү башка бирөөнүн ордуна коюңуз. Бул жөн гана эскерүүлөр. Күйөөңүз сиз менен жашайт, сиз анын аялысыз жана ага бала төрөп бердиңиз, тиги кыз эмес!

Маанилүү экениңизди билиңиз! Өткөндү артка калтырып, эч качан ага көз чаптырбаңыз! Күйөөңүз, кызыңыз менен элдешип, ​​үй-бүлөдөгү тынчтыкты жана бакытты бузбаңыз! Анан кайын эжеңиз жөнүндө ойлонуңуз!

Бул эч кандай чыккынчылык эмес! Чыккынчылык бул – көзүнө чөп салуу, учур чактагы алдамчылык ж.б. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм келиниме тийишип, көзүмө чөп салса деле катуу сүйөм

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт