// //

Аялдар эркектерге караганда кеч дүүлүгөт. Жыныстык катнаш жөнүндө 10 факт

2022.05.21, 19:22
18759
 

И. К. Ахунбаев атындагы КММА медицина борборунун дарыгер сексологу жана психотерапевти Комаровер Илья Нухимович Bilesinbi.kg’ге жыныстык катнаш жөнүндө  кызыктуу 10 факт айтып берди. 

Факт №1

3-4 баласы бар үй-бүлөлөр жумасына 1-2 жолу жыныстык катнашка баруулары керек.

Факт №2

Аялдар эркектерге караганда кеч дүүлүгөт. Аларды алдын ала даярдап, жагымдуу сөздөрдү айтып, ачуу зарыл. 

Факт №3

50-90 жаштагы адамдар жаштардай эле жыныстык катнашка бара алат.

Факт №4

Дайыма жаңысын издеп, өнөктөштөрүн тез-тез алмаштырган эркек - физиологиялык жактан кудуретсиз, өнөкөт простатитке, эректилдик дисфункцияга же эрте эякуляцияга чалдыккан болушу мүмкүн. 

Факт №5

Жыныстык катнашсыз жашоо болбойт! Себеби адамдын организми жыныстык катнашта болууга негизделген. 

Факт №6

Жыныстык катнаш болбосо - үй-бүлө болбойт. Үй-бүлө болбосо - коом болбойт. 

Факт №7

Күндө эртең менен ботко жей берсең тажайсың. Ошол себептүү жатаканада гана эмес, башка жерлерге (дача, ванна, машина) барып да кошулуу керек. 

Факт №8

Эрогендик зона тукум кууйт, ата-энеден балага берилет.

Факт №9

Кумар алуу үчүн жыныс мүчөнүн (аялдыкы да, эркектики да) өлчөмү маанилүү эмес.

Факт №10 

Аялдар эркектерге караганда жыныстык катнаш тууралуу көп ойлойт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт