// //

Бул ооруга чалдыккан эркек балалуу боло албайт

2022.05.20, 16:10
9340

Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог Болот Рысбаев эркектин тукумсуздугуна себеп болгон азооспермия жөнүндө Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

Азооспермия - эркектин бел суусунда уруктун жоктугу (болсо да бир-экөө эле).

Азоспермияда жыныс мүчөнүн функциясы бузулбайт: эрекция болот, жыныстык катнаштан кийин уруктук түшөт. Болгону мындай сперма балалуу болууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Диагноз кантип коюлат?

Диагнозду уролог гана коет. Жыныс безин кесип, ичиндеги атайын "извитые канальцы" сыяктуу клеткаларды таап эмбриологго берет.

Эмбриолог клеткаларды изилдеп, ичинен урук тапса, алып тоңдуруп коет. Кийин ал киши, балалуу болууну пландаганда тоңдурулган уруктарды ЭКО жолу менен  пайдаланат.

Эгер ичинде урук жок болсо, бул көйгөй донордун жардамы менен чечилет.

Эркектин тукумсуздугунун себептери

Себептери абдан көп, айрымдарына токтолсом:

  • жыныс безинин сезгениши же жаракат алышы;
  • генетикалык бузуулар;
  • инфекциялык оорулар;
  • жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялык оорулар;
  • стресс;
  • кан диабети;
  • гормондук бузулуулар;
  • алкоголь, баңги, чылым ж.б.

Азоспермияны дарыласа болобу?

Азроспермияны толугу менен дарылоого болот деп айтуу кыйын. Дары-дармектер 10 же 20 пайыз жардам бериши мүмкүн. Жыйынтык бербесе ЭКО же жасалма уруктандырууну сунуштайбыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт