// //

Кайын энем эмнеге кыска юбка киерин айтып таңкалтырды

2022.05.18, 15:52
16036

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Бул сенин кайын энең болот кызым.

- Ыя?

Жаңы келин болуп барган күнүм. Кошуна аялдар мени жетелеп үйгө алып жөнөштү. Анан кыска юбка кийген, чачты жасаган, каш-кирпикти боегон жаш бир эжени кайын энем деп тааныштырышты. Башында ишенбедим. Кантип алтыны төрөгөн аял, анын үстүнө жетимиштеги аял ушундай болсун дедим. Жүгүнүп жатып баары бир тамаша дедим. Бирок, кайын энем эле болуп чыкты.

Эсимде бир жолу кырктардан өтүп калган улуу кайын агам үйгө келди. Башына илгерки тумакты баса кийип, шымынын куру курсагынан үстүндө, илгерки чакмак көйнөк кийип алыптыр. Мага аябай кары көрүндү. Дубленкасы дагы илгерки (кечирип койгула). Анын жанында апасы жапжаш. Анан кайын энемден көргүлүктү көрдү.

Кайын энем ушундай урушту (күлүп). Тумагын алып, башына илгичте турган кайын атамдын кепкесын кийгизип, күзгүгө сүйрөп жөнөдү. "Мына, жашара түштүң. Эртеңден баштап могу кийимдериңди көрбөйүн. Жакшынакай кийинип жүргүн. Эртең барып текшерем!" 

Мен ашып кетсе бир жума жоолук салындым. Кайын энем салынбай эле кой деди. 

- Апа, бир нерсе сурасам болобу?

- Кыска юбкаларымды бербейм.

- Кантип билдиңиз, кеп ошо жөнүндө болорун.

- Кызым, эч качан карыганга шашпа. Карыдым деп, жаман чүпөрөктөрдү кийбе. Адам өзүн-өзү карытат. Бул жерде жаштын эч кандай тиешеси жок. Жасанып жүр. Жашынакай кийин. Эл айта берет. Жашоо бир келет. Сулуулан. Жырга. Күл. Бийле. Ырда. Даамдуу тамак же. Эртең эле кара топурак астында чирийбиз. Азыр мода деген бар, сонун киймдерди тапсаң болот. "Болду карыдым" деген сөз бул алсыздардын сөзү. Жаша! Уктуңбу? Жүр чай ичели. 

Кайын энеме суктанам. Бирөө менен иши жок. Бир дагы жолу ушакташып отурганын көрбөдүм. Ар дайым жасанып, кыска юбкасын башын көтөрүп кийип жүрөт. Кайын энем курактагы таежелерим бар. Аттиң, алар өздөрүн өздөрү карытып коюшкан. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт