// //

Мени күйөөгө бербей окуткан апама минтип айткым келет

2022.05.17, 15:02
9178

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

“Кызым окуйт!” Ар дайым канатына калкалап басып жүрчү. “Сен эмне каалайсың?” Менден ушинтип сурайт. Кыялдарымды айтып берем. Унчукпай угуп отурат. Оңдобойт. Тек гана “сөзсүз ошондой болот” деп жооп берет.

Атам бар, бирок мени менен иши жок. “Кызым, курсагың токпу” деген сөзүн бир дагы жолу уккан жокмун. Достору үй-бүлөсүнөн кымбат. Апама деле жарытып сүйүү берген жок. Кайра көңүлүн оорутуп жаман сөздөрдү айтат.

- Апа, жүр атамдын кетип калабыз.

- Кызым, мен сендей күчтүү эмесмин, мен алсызмын.

- Эмнеге?

- Мени ушинтип тарбиялашкан.

Таежелерим, чоң ата же энелерим, жеңелерим менин окушума каршы чыгышты. Кудайдын куттуу күнү үйгө келишет. 11-классты бүтөрүмө аз калган. “Кыз кишинин окубай эле койгону жакшы”, “сени күйөөң багат”, “шаарга кыз киши барса бузулат”, “окуп жатып күйөөгө тийип кетсең окууң калып калат” ж.б. Ыйлатышат. Ошондо апам чуркап келет:  “Кызым окуйт! Өзүнүн жанын өзү багат. Мен окубай минтип кор болуп жүрөм. Ачка калсам дагы окутам!” Анан кайра апама асылышат.

Алар кеткенден кийин апам чачымдан сылап, “мен тирүү турганда аларды укпа” дейт.

- Апа өттүм!

- Ыя, угулбай жатат, эмне дейсиң, кызым, аллоо...

- Апа, окууга өттүм.

- Айланайын, чын элеби, садагаң болоюн...

Ал трубканын ары жагында, мен бери жагында ыйлап жаттык.

Айылга жетип бардым. Жолдон достору менен каткырып турган атамды көрдүм. “Ата, окууга өттүм” десем, эмнени кыйратмак элең дегенсип унчукпай койду. Үйгө кирсем апам жети токоч бышырып жатыптыр. Чуркап чыгып бетимден өөп ыйлады. Мына менин жакшылыгыма сүйүнгөн тек гана адамым.

Мен азыр өз жанымды өзүм багам. Эч кимден көз каранды эмесмин. Билимим, жумушум, жакында баш кошчу сүйүктүүм бар. Эң негизгиси өзүмдүн оюм бар. Бул үчүн апама рахмат.

Апа, сага рахмат. Туугандардын сөзүнө кирип күйөөгө берип койсоң, тагдырым эмне болмок, эч ким билбейт. Мен үчүн ааламга каршы чыктың. Бир убакта алсызмын дедиң эле. Жок, сен менден дагы күчтүүсүң. Сен менден дагы акылдуусуң. Сенин кызың болгонум үчүн сыймыктанам. Апоу, мен сени жакшы көрөм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт