// //

Эки тарап тең макул болсо, ЗАГС канча күндө бузулат?

2022.05.17, 13:01
2035

Саламатсызбы! Мен жубайым экөөбүз ажырашып жатканбыз, ортодо бала жок, үйлөнгөнүбүзгө 9 жыл болду. ЗАГСты канча күндө ажыратат, эки тарап тең макулбуз, тез арада ажыратса болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.05.2022, 13:01

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!

1) Эгерде ортоңуздарда жашы жетпеген бала жок болсо анда, ЖААК ( Жарандык абалдын актыларын жазуу) органына чогуу арыз жазып калтырган күндөн 1 ай өткөндөн кийин никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.
( негиз: КР Үй-бүлө кодексининин 20-беренеси, КР "Жарандык абалдын актыларын жазуу" жөнүндө мыйзамынын 26-беренеси)

2) Эгерде, ортодо жашы жетпеген бала, же мүлк талашуу маселеси жаралып, сот аркылуу ажырашууга туура келсе, анда соттун чечими чыгып, 30 күндө күчүнө киргенден кийин ошол чечимди ЖААКка алып барып, андан соң никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк ала аласыз.

(негиз: КР Үй-бүлө кодексининин 22-23-24-26 беренелери, КР "Жарандык абалдын актыларын жазуу" жөнүндө мыйзамынын 28-беренеси)

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт