// //

15 жаштагы сиңдим балдар менен сүйлөшөт. Эмне десем болот?

2022.05.12, 12:28
3537

Саламатсызбы! Менин 15 жаштагы сиңдим бар. Бизге ал дале кичинекей кыз сезилет. Бирок акыркы тапта көп балдар менен сүйлөшчү болду. Алар дагы өзүнөн улуу. Өзү теңдүү курбулары дагы баары кыз-жигит болуп сүйлөшөт экен.  Бирөөсү таштап кетсе, бирөөсү чалып, "таанышам", "сүйөм", "күйөм" дей берет имиш. Биз ага акырын түшүндүрүп, "азыр жашсың, окушуң керек, кийин жетишесиң, мына сүйлөшпөй калганда өзүң кыйналып жатасың десек", "ооба",- деп коюп эле кайра эле баягысы башталат. Урушуп да айтып көрдүк. Акыркы күндөрү жигиттери кечинде үйгө дагы келе баштаптыр. Он эки же бирде эшикке чыгып кетип жатат. Апам катуу урушкандан коркуп, "переходной возраст",- деп көз жумуп коюп жатат. Кандай кеңеш бере аласыз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.05.2022, 12:29

Нуриза Батырбекова

Психолог

Саламатсызбы! Өзүңүз айткандай, сиңдиңиз учурда өспүрүм курак кризисин башынан өткөрүп жатат. Бул учурда алар үчүн достору же башка адамдар менен сүйлөшүү алда канча маанилүү. Ал эми ата-энесинин авторитети түшөт, бирок эң жакын адамдары бойдон калат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун акыркы изилдөөлөрү боюнча өспүрүм курак 25 жашка чейин жылдырылган. Бул 25 жашка чыкканда мээбиз толугу менен жетилет дегенди билдирет. Демек, 15 жаштагы өспүрүм үчүн мамиле курууну түшүнүү кыйынга турат.

Биринчи кадам, ачык сүйлөшүү.  Ачык сүйлөшүүнүн өзүнүн эрежелери болот, мисалы, “мен” айтымдары. “Менде мындай-мындай сезимдерим бар, себеби мында, кел мындай кылалы”,- деңиз. Ошондой эле өспүрүм менен кичинекей баладай эмес, чоң адам менен сүйлөшүп жаткандай сүйлөшүү зарыл. Сүйлөшүү учурунда  ага сый-урмат көрсөтүп, мурунку тажрыйбаңызды айтып берсеңиз болот. “Мен дагы ушундай болгон, анан минтип өкүнгөм” ж.б. Тажрыйбаңызды айтып бергенде ал өзүнүн баалуулугун түшүнүп, “мага ишенишет экен”,- деп ойлоп, көңүлү ачылат.

Келишим түзүү дагы чоң жардам берет. “Ооба, эшикке чыксаң болот. Бирок кайда жана ким менен кеткениңди, качан келериңди айтып, тиги адамдын дагы телефон номерин таштап кет”,-деңиз. Эгер эч эле болбосо,чогуу психологго кайрылууну чакырам.

Психолог Нуриза Батырбекованын башка суроолорго берген жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Ала оорусу менен ооруйм, мени эч ким күйөөгө албаса керек. Психологдун кеңеши

Атамдын агасынын баласы 4 жыл зордуктап жүрдү, мындан аркы жашоом кандай болот?

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт