Жалпы билим берүүдөгү жагдайлар

Билим берүү тармактарындагы адистерге мектеп окуучуларынын, студенттердин жеке маселелери боюнча суроолору арбын. Анда мектепке хиджап кийип келүү боюнча, ЖРТ жана келишимдик каражат төлөө, юридикалык кеңештер боюнча суроолору бар.

Окурмандардын бири буга чейин Бишкектеги Жогорку окуу жайларынын биринде билим алып жаткандыгы, турмуш кургандыгына байланыштуу Ошко которулуу боюнча жол жоболорун сурайт.

  • Мектепти 2 жыл мурун бүткөм. Манас университетинде билим алып жаткам, турмушка чыккандыгыма байланыштуу эми Ошко келген элем. Быйыл Оштогу медициналык колледжге тапшырсамбы деген оюум бар, Оштон ЖРТга кайдан катталса болот?

Профессионалдык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Евгения Чумукова суроого жооп берип жатып, Консерватория, көркөм-сүрөт училищалары, колледждер жана ИИМ менен Куралдуу күчтөр академиясына өтүүнү каалаган абитуриенттерден гана ЖРТ тестинин жыйынтыгы талап кылынбайт, алар атайын физикалык кароодон, окуу жайлардын өзүнүн сынактарынан гана өтүшөт дейт. Булардан башка окуу жайларда билимин улантууга болоорун айтат.

  • ЖРТга катталуу үчүн жашап жаткан жериңиздин райондук билим берүү башкармалыгына кайрылсаңыз болот. Сиз алгач Ош медициналык колледжинин http://www.oshsu.kg/сайтына кирип кабыл алуу тартиптери менен таанышып чыгыңыз. Андан соң керектүү документтерди топтоп өзүңүз каалаган окуу жайга тапшырсаңыз болот.

Алдыда бүтүрүүчүлөрдү толкунданткан Жалпы Республикалык Тестирлөө турат. Бул тесттен кандай сертификат алам деп айрымдары азыртан даярдык көрүп, ар кыл ийримдерге да барып жаткандары бар. ЖРТны тапшырган соң кайсы окуу жайга өтүү керектиги, алтын сертификатка ээ болсо кандай жеңилдиктер болоорун сурашат.

  • Мен быйыл 11-классмын. Кудай буюрса ЖРТдан алтын сертификат алсам АУЦАга бюджет менен өтө аламбы?

Буга билим берүү министрлигинин адистери жооп берип жатып, мамлекеттик ЖОЖдорго гана тесттен алынган упайлардын негизинде кабыл алынаарын, эгер упай жогору болсо, гранттык (бюджеттик) орунга өтүүгө болоорун айтышат.

  • Алтын сертификат алсаңыз мамлекеттик жогорку окуу жайлардын гранттык орундарына илине аласыз. Ал эми АУЦА жеке менчиктеги окуу жай болгондуктан алтын сертификаты бар окуучуну бюджеттик орунга алуу же арзандатуу чечимин университет жетекчилиги өзү кабыл алат.

Ошол эле учурда окуусунан четтетилип калгандар, келишимдик акчасын төлөп кайра калыбына келтирүүдөгү маселелер боюнча юридикалык кеңеш сурап кайрылгандар да бар.

  • Мен 2-курста сабакка көп келбегеним үчүн окуудан четтетилгем. Кайра бир жылдан кийин окуумду калыбына келтиргем. Азыр 3-курсмун. Контракт тактаганы барсам 4000 сом карызы бар деп чыгып калды. Эмнеге деп сурасам окуу жайдын админстрациясы сен 2 курста ноябрга чейин окуп анан окуудан четтетилгенсиң дешти. Алар ошол убакка чейин окуду деген буйрутма чыгарышып, 4000 сом карыз кылып коюшуптур. Жөн жерден акча төлөгүм келген жок, мени 2-курста ноябрга чейин окуду деп жатышат, бирок ал учурда такыр окууга барган эмесмин. Эмне кылсам болот?

“Жүйөөсүз себептер менен системалуу түрдө сабактарын калтырса, адистик алгысы келбесе, окуу жайдын ички тартип эрежелерин бузса, аларга карата коомдук жана тартиптик чаралар колдонулуп, педагогикалык кеңештин чечими менен баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайдан чыгарылат”

деп эскертет юрист Нурислам Раимжанов, ошондой эле окуу жай талап кылган акча каражатын төлөп берүүсү керектигин айтат.

  • Эгерде 2-курста окууга барган эместигиңизди эске алсак, сизди 3-курска кайра окууга калбына келтирүү туура эмес болгон деп эсептеймин. Окуу жай сизди, 2-курстун ноябрь айына чейин окууга келген, ал эми калган айларда жүйөөлүү себептерден улам келбей калган деген негиз менен кайрадан калбына келтиришкен. Ошондуктан 4000 сом төлөөнү талап кылып жатышат деп эсептейм. Мындай учурда сиз 4000 сомду төлөп бересиз. Эгерде иш мен ойлогондой сиз 3-курска эмес 2-курска окууга калбына келтирилип, 2-курсту бүтүрүп бүгүнкү күндө 3-курста окуп жүргөн учурда бул суроо жаралган болсо, анда окуу үчүн төлөгөн акылардын дүмүрчөктөрүн (квитанция) контракт төлөнүүчү жайга алып барып карызыңыз жок экендигин көрсөтүңүз.

Кыргызстандагы мамлекеттик билим берүү мекемелеринде билим берүү жана тарбиялоо ишмердүүлүгү анын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Ага ылайык 4-беренесинде билим берүү уюмдарынын негизги принциптери катары “Билим берүү диний институттарга көз каранды эмес” жана билим берүү светтик мүнөздө жүргүзүлөт деп көрсөтүлгөнү менен айрым учурларда мектепке хиджап кийип келүү боюнча оокуучулар арасында суроолор көтөрүлүп жүрөт.

  • Мектепке хиджаб кийип барууга уруксат берилгенби же жокпу, анткени биздин үй-бүлөө диний адамдар болгондуктан атам хиджап кийип жүрүүбүздү айтат, мектепке барууда абдан кыйналам?

Буга билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы жооп берип жатып 2015-жылдын 12-августунда кабыл алынган № 572 токтомуна ылайык, бирдиктүү мектеп формасына тиешелүү талаптар коюлганын эске салат. Мектеп окуучулары кара, боз, көк жана кызгылт өңдүү бир түстүү классика стилинде кийиниши керектигин, ага болгон талапка ылайык билим берүү мекемеси ата-энелер менен биргеликте мектеп формасынын бир вариантын тандап алышаарын айтат.

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо системасы улам жаңыртылып келет, ошентсе да окуу пландарынын жана окуу программаларынын мазмунун кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгы жок эмес. Учурда жалпы билим берүү тармагын реформалоону жүргүзүүдө педагогдук кадрлар өзгөчө роль ойноодо. Учурда республикада он миңдеген мугалимдер эмгектенип билим берүү тармактарында иштеп келишет.

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт