// //

Түндөсү ата-энемдин кумарга батканын угам. Эмне кылсам болот?

2022.05.08, 15:01
23284

Түндөсү атасы менен апасынын кошулуп жатканын уккан жаш окурмандын анонимдик катын жарыялайбыз.

" Мен 14 жаштамын. Кичинекей бөбөгүм бар. Атам куруучу, апам медайым. Шаарда батирде турабыз: эки кичиникей бөлмө, ортосунда эшик жок. Сиңдим экөөбүз ашканада уктайбыз. Кээде кечинде атам менен апамдын кошулуп жатканын угуп калам. Эртең менен ойгонуп, уккан үндөрдү эстеп, өзүмдү күнөөлүү сезем. Экөөнө сүйлөгүм келбей калат, аларды жийиркенип карайм. Эмне кылсам болот? Апама бул тууралуу айткандан уялам." 

Адистер кеңеш берет

Карлыгаш Акимкулова

„Psihoanaliz.kg“ психотерапия борборунун адиси, психотерапевт

Албетте, сени түшүнсө болот, себеби, али баласың, бул тууралуу ойлонуу жана айтуу сен үчүн жагымсыз.

14 жашта экенсиң, демек, ата-энең төшөктө эмне кылып жатканынан кабарың болсо керек. Бул жетилген сүйүү, бири-бирин жактырган адамдар ортосунда болот, ата-энең бири-бирин сүйөт, бири-бирин кумарга батырат. Анын негизинде балдар төрөлөт, сен жана бөбөгүң ошентип пайда болгонсуңар.  

Чоңойгондо сенда бирөөнү табасың, силерде да сүйүү мамилеси болот. Ата-энең уят иш кылып жаткан жок. Батириңердин кичинекейинен, муну угууга мажбур болдуң. Бой жетип келатасың, балким, ошол себептен бул нерсе сени кабатыр кылууда.

Болгон окуяга жайбаракат жана юмор менен мамиле кыл, ал чоңдордун иши. Азырынча кичинекейсиң, ата-энеңдин уктоочу бөлмөдө жасап жаткан аракеттеринин сага тиешеси жок. 

Ооба, ата-энең бири-бири жакшы көрөт, ортолорунда ынак мамиле бар. Эгер сен ата-энең үчүн бул табигый нерсе экенин түшүнсөң, түн ичинде ойгонбой, коркпой, жийиркенбей, уялбай каласың. Алар ар дайым сени сүйөт жана ата-энең бойдон калат. 

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүң менен! Албетте, бул сен үчүн жагымсыз жагдай, өзгөчө, муну ата-энең менен ачык талкуулоо мүмкүн эмес экенин эске алсак.

Сексуалдык жашоо -  ата-энеңдин жеке иши. Мунун баарын угуп, кыжалат болуп уялып, алардан жийиркенип жатканыңа боорум ооруйт.

Ата-энеңе, түндө ызы-чуу болуп, уктай албай жатканыңды айтып, бөлмөлөрдүн ортосуна эшик коелу деп суранып көр. Кыязы, ата-энең кыйытып айтып жатканыңды түшүнсө керек. Дагы бир вариант, наушник менен музыка угуп уктасаң болот.

Интимдик  жашоо - бул табигый көрүнүш, эки адамдын бири-бирин сүйүшү. Бой жетип, сүйүүңдү тапканда, жыныстык жашоонун болушу - бул жакшы мамиленин жышааны экенин түшүнөсүң. Ийгилик каалайм!

Сексолог жана психотерапевт Илья Комаровер бала менен интимдик темада кантип сүйлөшүү керек экенин айтып берди.

  • Балаңар сексуалдык жашооңорду көрүп калса, кыйкырып, урушуунун кереги жок. Өзүңөрдү колго алып, демиңерди басып, тынч тон менен сүйлөгүлө.
  • “Сен али кичинекейсиң”, “бул чоңдордун иши”, “эмнени түшүнмөк элең, бар укта” деген сыяктуу сөздөрдү айтып, баланы жоопсуз калтырбагыла.
  • Калп айтуунун же көркөмдөп апыртуунун кереги жок. Бул нерсе бири-бирин сүйгөн адамдар ортосунда болоорун, балдар ушинтип жаралаарын жөнөкөй тил менен түшүндүргүлө.
  • Балдар муну көргөндө кандай сезимде болгонун сурагыла, суроо берсе ачык жооп бергиле, унчукпай койсоңор, бала сексти – уят жана өтө эле кызыктыруучу бир нерсе катары кабыл алып калат.
  • Эгер бала менен ата-эненин ортосунда ишенимдүү мамиле болсо, ата-эне баланын жыныстык суроолоруна убагында жана сылык жооп берсе, сырт тараптан келген терс жана туура эмес маалымат балага көп таасирин тийгизе бербейт, себеби анын өзүнүн даяр позициясы болот. Балдардын секс деген эмне деген суроосуна, бири-бирин сүйгөн адамдардын ортосундагы тыгыз байланыш экенин айткыла.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт