// //

Классташымдын тоюна барсам, күйөөсү күйөөм болуп чыкты

2022.04.30, 15:09
18581

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ай, бул жагы өлбөдүбү! Ичип жаткан шорпомо какап кеттим. Боорсоктор болсо эки жакка чачырады. Ой боорум. Айла жок күлөсүң. Кеп башынан болсун э.

Эми айла жок, турмуш экен. Жакшы эле кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнбүз. Анан эле балээнин баары башталды. Баш кошкондон кийин такыр башка адам болуп чыктык. Эч эле тил табышып жашай албай койдук. Тынч эле ажырашып кетели дедик.

Баары бир жаман болот экенсиң. Баары бизди жараштырууга аракет кылып, курултай өткөрүп жиберишти. Макул деп бир шанс берип көрдүк. Болбоду. Экинчисинде жакшылап коштоштук.

Ошону менен ал айылда калды. Мен шаарга жөнөп кеттим.

Туптуура төрт жыл. Төрт жыл бири-бирибизди көрбөдүк. Башында социалдык тармактарга кирип кызыгып карап калчум. Бара-бара отписка болуп кеттим. Ал дагы жазбай калды. Байланыш толугу менен үзүлдү.

Классташтар тойго жөнөдүк. Эң акыркы болуп калган кызыбыз күйөөгө узап жатыптыр. Тааныш айыл, тааныш көчө, күйөөм.

Күлүп жибердим. Ал дагы күлдү. 

Биз жылуу учураштык. Аркы-беркини сүйлөштүк. Баягыдай эле экен. 

"Ошондо ырас эле ажырашыптырбыз. Балалуу болсок дагы кыйналмакпыз. Сен дагы бактылуу, мен дагы бактылуу." 

Билесиңерби, бул окуя мага кандай сабак берди. Адам сеникиби же жокпу сезет экенсиң. Биз жашай албашыбызды дароо сездик. Маданияттуу эле сүйлөшүп эки жолго түшүп кеттик. Азыр ар бирибиз өз бактыбызды таптык. Ооба, туугандар ызы-чуу болушту, эл эмне дейт дешти. Бирок, экөөбүз гана бул чечимди кабыл алдык. Анткени, биринчи биздин бактыбыз, анан башкасы, туурабы? 

Сүйүү бул азап эмес бакыт. Бир келген жашоону азап менен өткөрбөгүлө. Чыныгы сүйүүңөрдүн жанында эч качан кайгырбайсыңар. Ушуну билип койгула.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт