// //

Бул нерсени жасагандан кийин аялым ажылдабай калды

2022.04.29, 15:11
23014

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ээ достор! Бүгүн силерге менден лайфхак. Аялыңар сулуу болуп, күлүп-жайнап, бактылуу болуп, жаныңарда жүрсүн десеңер, анда муну кылгыла. Иштейт экен. Менин азыр кулак-мээм тынч, бейкапар уктайм дегендей. Кыскасы мындай.

Балалуу болдук. Катарынан төрт бала. Жаш кездеги сүйүү жок. Экөөбүздүн темабыз жалаң ботко менен балдардын жалаягы. Кечинде сен тур, мен тур. Көп урушчу болдук.

Качан үйгө келбейин, аялымдын кабагы бүркөө. Ажылдайт. Уруш чыгарат. Экөөбүз болгон билген жаман сөзүбүздү айтышып жатып калабыз. Бири-бирибизди жек көрө баштадык. Балдар үчүн гана чыдап жүргөндөйбүз.

Мен үйдөн кача баштадым. Билем, балдарга ата керек, атанын мээрими керек. А мен уруштан качып эле баргым келбейт. Мындай болбойт. 

Бир күнү дагы уруштук. Болбогон эле нерсе үчүн. Аялым туруп алып бакыра берди, бакыра берди... Акыры чыдай кетип, жанына бардым. Анан катуу кучактап туруп алдым. Башында кучагымдан чыгууга аракет кылды. Аягында өзү дагы мени кучактап ыйлап кирди. А мен кое бербей кучактап тура бердим.

Аялымды кучактачу адат таптым. Үйгө келерим менен кучактап өөп, колундагы баланы алып, тур өзүңө убакыт бөлүп ал деп кетип калам. Балдар деген балээ турбайбы, төртөө заматта мени чарчатышат. Байкуш келинчегим, эртеден-кечке чейин кантип отурду экен.

Көп күлчү болду. Жумуштан үйгө шашып калдым. Балдар уктагандан кийин экөөбүз жалаяктагы боктор жөнүндө эмес, пландарыбыз тууралуу сүйлөшөбүз.  Бир планыбызды айтайынбы, төрт баланы чоң аталарына таштап туруп, бир жума жок болуп кетүү (каткырып). 

Аялым ачылды. Мен кучактаган сайын ачылып баратат. Билбейм, эмнеге. Бирок, мага дагы аны кучактаган жагат. Балдар ыйлап, ботко ашып жатса дагы кучакташып тура беребиз. Чынында ата-эне биринчи өзүн тандаш керек экен. Ошондо үй-бүлө бактылуу болот тура. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт