// //

Кайын энемдин атындагы үйдү балдарыма өткөрүп алсам болобу? Юристтен жооп

2022.04.21, 17:47
3075

Мен, күйөөм, эки балам Россия жараныбыз. Он беш жаштагы кызым кыргыз жараны. 2012-жылы үй алганбыз, ал кайын энемдин атында. Ошол үйдү кантип балдарымдын атына өткөрсөм болот?

Себеби, 2008-жылы алган үйүбүздү кайын энем сатып ийген. Азыркы үйдө үч жылдан бери балдарым менен жашайм. Алдын ала чоң рахмат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.04.2022, 17:49

Нурислам Раимжанов 

Юрист 

Саламатсызбы окурман! Үй кимдин атында болсо ошол адам мамлекеттик каттоого барып өткөрүп бериши керек. Эгер кайын энеңиз айыл жергесинде болсо же келе албаса ишеним кат жиберсе болот. 

Керектүү документтер, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, кайын энеңиздин паспорту. Үй сатылып алынгандагы келишим болсо ал дагы керек.  Эгер кайын атңыз бар болсо үйдү өткөрүп жатканда ал адам да катышышы керек. 

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт